Бизнес маек
Кыргыздын кол өнөрчүлүгү аябай бай — шырдактарды жалаң чет өлкөгө саткан ишкер Мансур Абылаев
Kyrgyz Handmade деп чыккан көз жоосун алган шырдактарды, улуттук буюмдарды алгач сайтынан көрүп суктанып жүрдүк. Анткени сапаты, кооздугу, оймолору чынында эле адамды көңүл кош калтырбайт. Кыргызстанды дүйнөгө таанытсам деп продукциясын эл аралык рынокко чыгарып келген бул бизнестин негиздөөчүсү Мансур Абылаевди ИШКЕР MEDIA маекке тартты. — Ишканаңызды, чайханаңызды, чыгарган улуттук буюмдарыңыздарды көрүп,