Бизнес
CIA-Agricoltori Italiani Кыргызстандын айыл чарба продукциясын импорттого даяр
2023-жылдын 26-июлунда КРнын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев Италиянын CIA-Agricoltori Italiani айыл чарба ишкерлеринин конфедерациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди. Италиялык тарап CIA-Agricoltori Italiani Конфедерациясы менен кыргыз тараптын ортосунда «Made in Italy» дүйнөлүк бренди менен продукцияны өндүрүүдө колдонулган эң мыкты ыкмаларды, акыркы технологияларды жана инновацияларды алмашуу аркылуу кызматташууну өнүктүрүүгө