акыркы жаңылыктар

«Кыргызстан Аялдар лигасы» Борбор Азиянын деңгээлине чейин кеңейүү ниетин билдирди

Бизнес

«Кыргызстан Аялдар лигасы» Борбор Азиянын деңгээлине чейин кеңейүү ниетин билдирди

«Кыргызстан Аялдар лигасы» бизнес-клубу «Борбор Азия аялдар лигасын» түзүү ниетин билдирди. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев менен жолугушуу учурунда маалымдалды. Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулашты жана келечекке пландарды түзүштү. Айтылган жаңы уюмдун башкы максаты бизнес жана региондук экономикалык интеграция чөйрөсүндө аялдардын экономикалык ролун бекемдөө

Оштун мэриясына 20 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Коом

Оштун мэриясына 20 млн сомдук жер тилкеси кайтарылды

Ош шаарында 20 млн сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурада билдирди. Маалыматка ылайык, Ош мэриясы 404 чарчы метр жер тилкесин Т.К. аттуу жаранга мыйзамсыз түрдө, аукцион өткөрбөстөн сатып, анын негизинде жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актысы берилгендиги аныкталган. Бул Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн

Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына МИК 3000 батир курат

Гранттар жана кредиттер

Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына МИК 3000 батир курат

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Сауд өнүктүрүү фондунун тарабынан КРда турак жайды каржылоо долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү мыйзам экинчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов тааныштырды. Ал белгилегендей, Сауд

Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90% алынды

Коом

Чолпон-Атанын пляждарындагы тосмолордун дээрлик 90% алынды

Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө жарлыктын негизинде Чолпон-Ата шаарындагы пляждардагы тосмолор алынууда. Бул тууралуу Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров «КРнын президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү

Оштун борбордук көчөсүнүн асфальттоо иштеринин 1-этабы аяктады – фото

Коом

Оштун борбордук көчөсүнүн асфальттоо иштеринин 1-этабы аяктады – фото

Ош шаарынын А. Масалиев көчөсүнүн асфальттоо иштеринин 1-этабы аяктап, 2-этабы кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Жумуштардын жүрүшү менен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов жеринде таанышты. Анын алкагында тиешелүү кызматтарга А. Масалиев көчөсүндөгү жасалып жаткан бардык иштер сапаттуу жана талаптарга ылайык жүргүзүү менен ишти тездетүү тапшырмасы

Бишкектин ЖЭБдин газга өтүшү менен көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат

Коом

Бишкектин ЖЭБдин газга өтүшү менен көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат

Бишкектин ЖЭБдин жаратылыш газына өтүшү менен көмүрдү пайдалануу 600 миң тоннага жакын кыскарат. Бул тууралуу алдыдагы жылытуу мезгилинде экологиялык абалды жакшыртуу жана борбор калаада түтүндү болтурбоонун алдын алуу боюнча жумушчу кеңешмесинде Экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев маалымдады. Ошондой эле, борбор калаанын мэри Эмил Абдыкадыров учурда 22

Бир жылда тонировка бюджетти 246 млн сомго толуктады

Бийлик

Бир жылда тонировка бюджетти 246 млн сомго толуктады

2022-жылдын 1-июнунан баштап унаанын алдыңкы каптал эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксат кагаздары бюджетти 246 млн сомго толуктады. Бул тууралуу «Унаа» ишканасы маалымдады. Маалыматка ылайык, бир жылдын ичинде 3 миңден ашык уруксат кагаздары берилген. Мекеме эскерткендей, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом айып пул төлөө жоопкерчилигине тартпоо үчүн

Күзгө чейин электросамокаттардын айдоосу жөнгө салынат

Коом

Күзгө чейин электросамокаттардын айдоосу жөнгө салынат

Жогорку Кеңештин депутаттары электросамокатты айдоону жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдап жатышат. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев брифинг учурунда айтып берди. Анын айтымында, акыркы учурда электросамокат тепкендер жол кырсыгына кабылган учурлар жогорулады. Бирок аталган долбоордо электросамокатта жүрүүнүн ылдамдыгына чек коюшпайт, башкысы, алар атайын белгиленген жол менен жүрүшү керек. «Мындан сырткары, эки

Махачкала – Бишкек – Махачкала авиакаттамы жанданат

Коом

Махачкала – Бишкек – Махачкала авиакаттамы жанданат

2023-жылдын 24-июнунда «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы Махачкала – Бишкек – Махачкала багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамды калыбына келтирүүнү максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» ААК билдирди. Аэропорттон билдиришкендей, каттамдар жумасына бир жолу – ишемби күндөрү аткарылат. «Манас» ААКсы бул каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунуштайт.

40 млн сомдон ашык көмүр уурдалганы үчүн «Кыргызкөмүрдүн» мурдагы жетекчиси кармалды

Бийлик

40 млн сомдон ашык көмүр уурдалганы үчүн «Кыргызкөмүрдүн» мурдагы жетекчиси кармалды

УКМК тарабынан энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов жана «Кыргызкөмүр» МИнын коммерциялык директору А.С. кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди. Такталгандай, тергөө тарабынан 2021-2023-жылдар аралыгында «Кара-Кече» кенинен Балыкчы шаарына чейин көмүрдү оор жүк ташуучу унаалар менен, андан кийин Балыкчыдан Бишкектин ЖЭБине темир жол аркылуу ташуу учурунда

Tez Jet Ош – Ысык-Көл каттамын жандандырат

Бизнес

Tez Jet Ош – Ысык-Көл каттамын жандандырат

2023-жылдын 30-июнунда ата мекендик Tez Jet авиакомпаниясы Ош-Ысык-Көл-Ош багыты боюнча каттамын ачууну максат кылууда. Бул тууралуу «МЭА» ААК билдирди. Каттамдар жумасына 6 жолу – шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Каттамдар 31-августка чейин аткарылат. Кардарларга аталган каттамга байланыштуу бардык суроолор боюнча авиакомпанияга түз кайрылууну сунушталат.

Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал

Коом

Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал

Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев ЖМК менен маегинде айтып берди. Анын айтымында, кургакчылыктын цикли 5-6 жылдан кыскарганы байкалууда. «Негизи кургакчылык цикли 6-12 жылда бир кайталанып турат. Бирок климаттын өзгөрүшүнөн улам суу тартыш болгон жылдардын аралыгы кыскарууда. Мисалы, 2020-жыл жана 2021-жылда