Жыл башынан бери «Кыргыз жылуулук энерго» 70%га каржыланды
2023-жылга республикалык бюджеттен «Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын жылуулук энергиясын субсидиялоого «Мамлекеттик ишканаларга субсидиялар» беренеси боюнча 1.6 млрд сом каралган. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Такталгандай, бул чыгашалар калк үчүн жылуулук энергиясына тарифтерди мамлекеттик жөнгө салууга байланыштуу «Кыргыз жылуулук энерго» ишканаларынын жылуулук менен камсыздоодо жоготуулдын ордун толтуруу үчүн каралган.