Кыргызстан XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууда

Кыргызстан XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууда

Жумуш сапары менен Санкт-Петербург шаарында (Россия Федерациясы) жүргөн Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев XXVI Петербург эл аралык экономикалык форумуна катышууда. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Форумга катышуусунун алкагында Адылбек Касымалиев «Газпромбанк» АКнын көргөзмө аянтына барып, анын продукциялары менен таанышты.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин катышуусунда кызматташууну кеңейтүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда банктык контракттарды коштоо технологиясын колдонуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

Бишкектин бир катар аймактарында 9-июлда ичүүчү суу өчүрүлөт

9-июлда саат 09:00дөн 03:00гө чейин Бишкектин бир катар турак жайларында, социалдык объектилеринде жана ишканаларында ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу берүү Д=500 мм болгон эки шаардык суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу токтотулат. Өчүрүлө турган аймактар: Алма-Ата көчөсү, "

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Чаткалда сел алып кеткен көпүрө калыбына келтирилди

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, Чаткал районундагы Кара-Токой көлүнө алып баруучу көпүрө ыкчам түрдө калыбына келтирилди. Чаткал райондук мамлекеттик админстрациясынын маалыматына ылайык, буга чейин селдин кесепетинен көпүрөгө зыян келип, туристтердин өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилген. Тиешелүү кызматтар тарабынан жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштери аяктап, көпүрө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

Учак кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө

7-июлда TezJet авиакомпаниясына таандык “McDonnell Douglas MD-83” үлгүсүндөгү аба кемеси Бишкек – Ош багыты боюнча каттамды аткарууга даярданып жаткан учурда, сол шассисинин таянычы сынып, бүктөлүп калган. Натыйжада аба кемеси сол тарапка кыйшайып, сол канаты учуп-конуу тилкесинин үстүңкү бетине тийип, токтогон. Бардык зарыл чаралар өз убагында көрүлүп, жабыркагандар болгон

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да