акыркы жаңылыктар

«Арча-Бешик» конушуна суу келип, тургундар бакчаларын сугарып башташты – мэрия

Коом

«Арча-Бешик» конушуна суу келип, тургундар бакчаларын сугарып башташты – мэрия

8-июнга караган түнү Арча-Бешик конушуна суу келди. Бул тууралуу Бишкектин мэриясынын маалымат кызматы кабарлады. Такталгандай, конуштун жашоочулары дароо огороддорду ичүүчү суу менен сугарып башташты. Борбор калаанын мэринин орун басары  Жыргылбек Шамыралиев жооптуу шаардык кызматтар менен биргеликте суунун келишин текшерип, сугат иштери менен алектенген тургундарды аныктоодо.

Садыр Жапаров: Кыргызстан глобалдык чакырыктарды чечүүгө өз салымын кошууга даяр

Бийлик

Садыр Жапаров: Кыргызстан глобалдык чакырыктарды чечүүгө өз салымын кошууга даяр

Кыргызстан глобалдык чакырыктардын маанилүүлүгүн түшүнөт жана аларды чечүүгө өз салымын кошууга даяр. Бул тууралу президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Казакстанда Эл аралык Астана форумунда чыгып сүйлөгөн сөзүндө белгиледи. Мамлекет башчысы иштеп жаткан эл аралык системанын негизги постулаты катары кызматташууга артыкчылык берүү менен заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга жооп кайтаруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Kyrgyz Concept Американын соода палатасынын мүчөсү болду

Бизнес

Kyrgyz Concept Американын соода палатасынын мүчөсү болду

Кыргызстандагы эң ири туристтик компания Kyrgyz Concept расмий түрдө Американын соода палатасынын (AmCham) жаңы мүчөсү болду. Бул тууралуу уюмдун басма сөз кызматы билдирди. Белгиленгендей, Kyrgyz Concept 1990-жылдан бери пайда болуп, андан бери 33 жылдын ичинде 2.3 млн кардарга кызмат көрсөткөн. Учурда Kyrgyz Concept Бишкекте алты, Ошто эки кеңсе, Алматы

Кыргызстанда аманаттар кепилдик системасынын коргоосунда 5.6 млн кардар бар

Экономика

Кыргызстанда аманаттар кепилдик системасынын коргоосунда 5.6 млн кардар бар

Депозиттерди коргоо системасы тарабынан аманаттары кепилденген аманатчылардын саны 2023-жылдын 1-апрелине карата 5.6 млн субъектти түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР Аманаттарды коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди. Кыргызстанда 1-апрелге карата аманаттары коргоо системасы тарабынан кепилденген аманатчылардын так саны 5 млн 643 миң 660 болду. Ушул эле күнгө карата

Оштогу "Барбол" кондитердик компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев: Өзбекстандын таттуулары рынокту ээлеп алышты

Бизнес маек

Оштогу "Барбол" кондитердик компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев: Өзбекстандын таттуулары рынокту ээлеп алышты

Оштогу "Барбол" компаниясы өлкөнүн түштүгүндө кондитертик цехтерди, жыйырмадан ашык фирмалык дүкөндөрүн ачып, 3 жүздөн ашык жаранды жумуш менен камсыз кылып келет. Торт, токоч, кекс, печенье сыяктуу шириндиктердин түрлөрүн жана кара буудайдан жасалган нандарды өндүргөн ишкананы Оштун "Куликовскийи" десек болот. "Барбол" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Канатбек

Президент Садыр Жапаров Эл аралык Астана форумуна катышууда

Бийлик

Президент Садыр Жапаров Эл аралык Астана форумуна катышууда

Президент Садыр Жапаров, 8-июнда, Казакстанда болгон иш сапарынын алкагында Эл аралык Астана форумуна катышуу үчүн «Астана» Конгресс-борборуна келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Иш-чара саламдашуу аземи жана форумга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен келген өлкө лидерлерин жана делегация башчыларын биргелешип сүрөткө түшүрүү менен башталды. Форум тышкы саясат жана эл

ЕАЭБдин кезектеги жыйыны Чолпон-Атада өтөт

Бийлик

ЕАЭБдин кезектеги жыйыны Чолпон-Атада өтөт

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылдын августунда Чолпон-Ата шаарында өткөрүү макулдашылды. Бул чечим Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынында кабыл алынды. Ошондой эле, жыйындын күн тартибинде эркин сооданы мындан ары өнүктүрүү, ЕАЭБ алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу, интеграцияланган маалыматтык система жана санариптик күн тартиби, Биримдиктин электрондук рыногу сыяктуу

Акылбек Жапаров Кыргызстанда россиялык университеттердин филиалдарын ачууну сунуштады

Бийлик

Акылбек Жапаров Кыргызстанда россиялык университеттердин филиалдарын ачууну сунуштады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Сочи шаарына РФнын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолукту. Бул тууралуу минкаб кабарлады. Такталгандай, Жапаров М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин, Жогорку Экономика мектебинин филиалдарын Кыргыз Республикасынын аймагында, ошондой эле К.И.Скрябин атындагы Кыргыз-Россия агрардык технологиялар жана биомедицина институтун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз

Сочидеги «Евразия – биздин үйүбүз» көргөзмөсүндө 30 кыргызстандык ишкана катышууда

Бизнес

Сочидеги «Евразия – биздин үйүбүз» көргөзмөсүндө 30 кыргызстандык ишкана катышууда

Сочиде кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн катышуусунда «Евразия биздин үйүбүз» көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги кабарлады. Маалыматка ылайык, «Кыргызстанда жасалган» улуттук көргөзмө стенддери даярдалган. Бул көргөзмө ЕАЭБдин алкагында конкреттүү жетишкендиктерди жана иштеп чыгууларды көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө. Ошол эле учурда КРнан өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү 30дан ашык ишканалар,

Бишкекте «Аэропорт» ассоциациясынын техникалык комитеттеринин эл аралык жыйыны өттү

Бишкекте «Аэропорт» ассоциациясынын техникалык комитеттеринин эл аралык жыйыны өттү

2023-жылдын 7-июнунда Бишкекте «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Жарандык авиациянын «Аэропорт» ассоциациясы (Россия, Москва ш.,) менен биргеликте өткөргөн техникалык комитеттердин жыйыны өттү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага авиамекемелердин жана аэропорттор үчүн материалдарды, техникаларды жана жабдууларды өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери жана адистери катышат, алар: «Внуково» аэропорту, «Домодедово» аэропорту, «Домодедово аэродром»

«Ишкер аялдардын өз укуктарын жакшы билиши абдан маанилүү» – Сергей Пономарев

Бизнес

«Ишкер аялдардын өз укуктарын жакшы билиши абдан маанилүү» – Сергей Пономарев

Сергей Пономарев дээрлик 30 жылдан бери ишкерчилик чөйрөдө, анын ичинде 20 жыл – бизнестин укугун коргоо жаатында иштеп келет. Биз эксперт менен Кыргызстанда аялдардын ишкерлиги кантип өнүгүп жатканын, аялдар өздөрүнүн укуктарын канчалык жакшы билээрин жана бизнес үчүн дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бардыгы жөнүндө сүйлөштүк. Аялдар ишкерлиги өткөн кылымдын 90-жылдары каатчылык мезгилде калыптана

Кыргызстандын жаңы туристтик объектилери үч жылга салыктан бошотулушу мүмкүн

Бизнес

Кыргызстандын жаңы туристтик объектилери үч жылга салыктан бошотулушу мүмкүн

Жаңы ачылган туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Туризм департаментинин жетекчиси Кыял Кенжематова билдирди. Адистин айтымында, мында кеп жаңы мейманканаларды, тоо-лыжа базаларын, туристтик жана этнокомплекстерди салыктан бошотуу тууралуу жүрүүдө. «Туристтик объектилерди курган ишкерлерди жок дегенде алгачкы үч жылда салыктан бошотуу боюнча сунуш бар. 2024-жылдан тарта