«Манас» эл аралык аэропорту 2023-жылдын I кварталында 1.1 млн жүргүнчүнү тейледи
«Манас» эл аралык аэропорту» ААК 2023-жылдын I кварталында 1 млн 145 миң 542 жүргүнчүнү тейледи. Бул тууралуу маалымат кызмат билдирди. Такталгандай, былтыркы жылга салыштырмалуу жүргүнчүлөр агымы 15.4%ге жогорулады. Анын ичинен ички каттамдарда жүргүнчүлөр агымы 331 миң 577 болсо, эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөр агымы – 813 миң 965 жүргүнчүнү түздү.