Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык медианы» жабуу чечимин кабыл алды

Бишкектин Ленин райондук соту «Азаттык медианы» жабуу чечимин кабыл алды

Бишкектин Ленин райондук соту Маданият маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин «Азаттык медиасына» каршы доо арызын колдоп, анын ишмердигин токтотуу чечимин чыгарды. Бул туурадуу Kaktus.media басылмасы билдирди.

Чечимди сот Чолпон Каримбаева кабыл алды.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын январь айында Маданият министрлиги «Азаттык медиасынын» массалык маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча Ленин райондук сотуна доо арыз менен кайрылган.

Арызда министрлик кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу видео өчүрүлө электигин жана ал социалдык тармактарга тарап жатканын билдирген.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Нарында стадион 326 млн сомго оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын жана Нарын районунун активи жана тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Президент өз сөзүндө облустун негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолуп, мамлекеттин бюджеттик мүмкүнчүлүктөрү туруктуу өсүп жатканын, аймактарды каржылоо көлөмү көбөйгөнүн, ошондой эле

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн

Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 27-январда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 24-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди. Анын айтымында, депутаттар кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык, президенттик шайлоону өткөрүү күнү боюнча жобо өзгөртүлдү. Буга чейин шайлоо январдын акыркы жекшембисине белгиленсе, эми акыркы шаршембисинде өткөрүлөт. Маматалиев мындай өзгөртүү элдин

Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкектин мэри Лондондо өткөн инвестициялык жыйынга катышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын чакыруусу менен 22–23-июнда Лондондо өткөн "Жашыл шаарлар" программасынын инвестициялык жыйынына катышты. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чара "Эртеңки күнгө инвестиция салуу: баарына жеткиликтүү жашыл жана туруктуу шаарларды калыптандыруу" деген ураан алдында өттү.

Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти

Нарын шаарынын бюджети 350 млн сомго жетти

Президент Садыр Жапаров 24-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Нарын шаарынын жана Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле аймакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган келечектүү долбоорлор менен таанышты.  Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, Мамлекет башчысына маалыматты Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров айтып