акыркы жаңылыктар

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Экономика

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алган. Кыргыз Республикасынын экономикасынын өнүгүү келечеги мурдагыдай эле айрыкча региондордо өзгөрмөлүү бойдон калган тышкы шарттардын таасири астында калуусу уланууда, глобалдык инфляциянын жогорку маанилерде сакталып турушуна жана дүйнөлүк финансы рынокторунда белгисиздик жагдайынын үстөмдүк кылышына байланыштуу кыска мөөнөттүү мезгилде экономикалык жагдайдын

Кыргызстан бул жылы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн гүлдөп өнүгүү деңгээли боюнча рейтингде 94-орунду ээледи

Кызыктуу

Кыргызстан бул жылы дүйнөдөгү өлкөлөрдүн гүлдөп өнүгүү деңгээли боюнча рейтингде 94-орунду ээледи

Кыргызстан 2023-жылы дүйнөдөгү гүлдөп-өсүп жаткан, бакубаттуулугу боюнча баалаган британиялык Legatum Institute аналитикалык борборунун рейтингинде 94-орунду ээледи. Legatum Prosperity Index – бул дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жетишкендиктерин алардын бакубаттуулугу жана гүлдөп-өнүгүүсү боюнча баалаган индекс. Ал 2006-жылдан бери британиялык Legatum Institute аналитикалык борбору (Legatum эл аралык инвестициялык тобунун бөлүмү) тарабынан чыгарылып келет. Изилдөөнүн максаты – социалдык

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат

Коом

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Эми жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди. 1-августа дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы

Ош шаарында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды

Саясат

Ош шаарында биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды

Ош шаарынын мэриясында кезектеги коллегиялык жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Жыйындын күн тартибинде Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча эки маселе каралды: -Ош шаарынын 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана милдеттер жөнүндө; -“Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө. Биринчи

Кочкор районунда бут кийим чыгара турган өндүрүш ишканасы ишке кирди

Бизнес

Кочкор районунда бут кийим чыгара турган өндүрүш ишканасы ишке кирди

Бүгүн 31-июлда Нарын облусунун Кочкор районунда «Жибек Жолу» бут кийим чыгаруучу жоопкерчилиги чектелген ишканасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, кытай инвесторлорун тартуу аракети менен ачылган ишканада учурда 63 жумуш орду түзүлүп, 1 линия менен күнүнө 2000 даана спорттук бут кийимдер тигилүүдө.

Борбор калаада «Шашлычная №1» кафеси демонтаждалды

Бизнес

Борбор калаада «Шашлычная №1» кафеси демонтаждалды

Ижара келишиминин токтотулушуна байланыштуу борбор калаада Тыналиев көчөсүнүн №2/1 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 16 000 чарчы метрди түзгөн «Шашлычная №1» кафеси буздурулууда. Жеринде мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча  башкармалыгынын жана “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери иш алып барууда. Мекеменин администрациясы менен сүйлөшүүлөрдөн кийин менчик ээлери объектти

Ошто Масалиев көчөсү жабылды - схемасы

Коом

Ошто Масалиев көчөсү жабылды - схемасы

Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштеринин жыйынтыктоочу 5-этабы башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди. Такталгандай, 31-июль күнү саат 23:00дө А.Масалиев менен Ж. Райымбеков (Зайнабетдинов) көчөсүнүн кесилишинен, И. Раззаков (“Каныкей эне” сквери) көчөсүнө чейинки бөлүк жабылды. Унаа ээлерин жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну

Энергетика министри «Бишкекжылуулуктармагынын» күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты

Саясат

Энергетика министри «Бишкекжылуулуктармагынын» күз-кыш мезгилине даярдык иштери менен таанышты

2023-жылдын 31-июлунда энергетика министри Таалайбек Ибраев «Бишкекжылуулуктармагынын» 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жумуштарынын алкагында жылуулук тармактардын реконструкциялоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу министрлик кабарлады. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган «Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу» долбоорунун алкагында капиталдык курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан 7-Апрель көчөсүндөгү жылуулук тармагынын бөлүгүнө барды. Учурда, реконструкциялоонун оорчунду жум

Чүйдүн төрт айылында ички көчөлөрү оңдолууда

Саясат

Чүйдүн төрт айылында ички көчөлөрү оңдолууда

Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн төрт айылында ички көчөлөрү оңдолууда. Бул тууралуу райондун администрациясы кабарлады. Такталгандай, иштер жергиликтүү бюджетинин эсебинен аткарылып жатат. Алмалуу, Норус, Ичке-Суу, Горная-Серафимовка айылдарынын ички көчөлөрүнө кум-шагыл төшөлүп, оңдоо иштери жүрүүдө

Евробиримдиктен чыккан товарлардын 10%га жакыны КРга келсе, калганы Россия аркылуу транзит менен келе жатып калып кетет – эксперт

Кызыктуу

Евробиримдиктен чыккан товарлардын 10%га жакыны КРга келсе, калганы Россия аркылуу транзит менен келе жатып калып кетет – эксперт

Вашингтон Бишкекти Кытайдан, Европадан жана Түштүк Кореядан санкцияланган товарларды Россияга берип жатат деп айыптагандан кийин деле кыргызстандык компаниялар россиялык өнөктөштөрү менен мамилесин массалык түрдө үзбөгөнүн KG Logistic компаниясынын директору Николай Душа россиялык Logirus интернет-порталына берген маегинде айтты. "Аймагында санкцияланган жүктөр кармалган ошол эле Казакстанга караганда, Кыргызстан – Россияга лоялдуу мамиле

Төө-Ашуунун жолу 6-августка чейин жабылат – Транспорт министрлигинин эскертүүсү

Коом

Төө-Ашуунун жолу 6-августка чейин жабылат – Транспорт министрлигинин эскертүүсү

Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелдин жолу асфальтталып жаткандыгына байланыштуу 26-июлдан 6-августка чейин унаа кыймылы чектелип, жол убактылуу жабылып жатканын эскертилди. Трнаспорт министрлигинин маалыматына ылайык, Сосновка өткөрүү пункту тарабынан: Оор жүк ташуучу унаалар үчүн: түнкү саат 03:00дон баштап 16:00го чейин, Жеңил унаалар үчүн: эртең мененки саат 06:00дон баштап

Ысык-Көл облусунда унаа жолдорунда асфальт төшөлүүдө

Коом

Ысык-Көл облусунда унаа жолдорунда асфальт төшөлүүдө

Ысык-Көл облусуна караштуу Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Жеринде «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №4 Жол тейлөө мекемесинин 10 чакты кызматкерлери жана 13 атайын техника иштеп жатат. Быйыл жалпы 81 чакырымды түзгөн Михайловка-Николаевка-Токтоян-Сары-Тологой унаа жолунун 6 чакырым 600 метр жерине