«Чек талап кылып,байге утуп ал!» лотереясынын байгелерин тапшыруусу башталды

«Чек талап кылып,байге утуп ал!» лотереясынын байгелерин тапшыруусу башталды

Салык кызматы 2023-жылы 25-декабрдан 30-декабрга чейин өткөрүлгөн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын 2-этабынын жеңүүчүлөрүнө байгелерин тапшырууну баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Байгелерди тапшыруу план менен жүрүп жатат. Салык кызматкерлери, байгени тапшыруу күнүн  жана убактысын тактоо үчүн лотереянын жеңүүчүлөрү менен байланышууда.

Белгилей кетсек, байгелерди алуу толугу менен акысыз!

Лотереянын экинчи этабында жалпысынан 1244 баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталды. Анын ичинде 10 батир, 11 электромобил жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун ээлери бар.

Ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшергенден кийин 21 катышуучунун утуштары жокко чыгарылды.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады