Жергиликтүү өндүрүштү экспортко чыгаруу үчүн 60 долбоор даярдалат – Бакыт Төрөбаев

Жергиликтүү өндүрүштү экспортко чыгаруу үчүн 60 долбоор даярдалат – Бакыт Төрөбаев

2024-жылдын 20-февралында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кореянын элчиси Ли Вон Джэ менен жолукту. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жолугушууга айыл чарба тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда министрлик менен тыгыз кызматташып жаткан Корея эл аралык агенттиги (KOICA) жана Кореянын эл аралык айыл чарба программасы борборунун (KOPIA) директорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Төрөбаев министрликтин негизги приоритеттүү багыты катары суу маселеси (сугат системаларын өнүктүрүү, тамчылатып жана жаадырып суугаруу), өсүмдүк жана мал чарба продукциясынын сапатын жакшыртуу, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү жана рынокторго чыгуу (экспорт), ошондой эле Кыргызстандын агроөнөр жай тармагынын натыйжалуулугун жогорулатууда райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын ролун баса белгиледи.

«Чакан фермердик чарбаларды кооперативдерге бириктирүү жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын экспортко чыгаруу максатында 60 долбоордун реестрин түзүү боюнча программасы иштелип чыгат», - деди Төрөбаев.

Элчи эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү менен жогоруда аталган багыттары менен иш алып барууга даяр экендигин ырастады.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media