акыркы жаңылыктар

Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү - Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Түз аба каттамы менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү - Садыр Жапаровдун Венгрияга сапарынын жыйынтыгы

Президент Садыр Жапаров менен Венгриянын президенти Каталин Новак кечээ, 13-февралда КР менен Венгриянын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана өнүктүрүү жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдө кызматташуунун артыкчылыктуу маанисин баса белгилешет жана аны ургаалдуу күчөтүүгө умтулуусун билдиришет жана

«Кыргызстан – региондук бизнес – оазис» - Акылбек Жапаров жаңы улуттук программа тууралуу айтты

«Кыргызстан – региондук бизнес – оазис» - Акылбек Жапаров жаңы улуттук программа тууралуу айтты

Жаңы финансылык стратегия “Кыргызстан – региондук бизнес – оазис” пилоттук аталышындагы амбициялуу улуттук программанын негизин түзөт. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Дубайда өткөн Бүткүл дүйнөлүк өкмөттөр саммитинде (WGS) “Туруктуу өнүгүү максаттары аракетте” панелдик сессиясында сүйлөп жатып билдирди.  Жапаров биздин регион бир бүтүн аймак катары глобалдуу тектоникалык өзгөрүүлөрдүн шарттарынан улам экономикалык атаандаштыкка

Бишкектен Сианьга жаңы авиакаттам ачылды

Бишкектен Сианьга жаңы авиакаттам ачылды

Бишкектен Сианьга жаңы авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун» (Кыргызстандагы бардык аэропорттордун оператору, мамлекеттик үлүшү 79%) маалымат кызматы билдирди. 2023-жылдын 11-февралынан тартып Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы Сиань – Бишкек – Сиань багыты боюнча үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачты. Учуулар жумасына бир жолу – жекшемби күндөрү аткарылат. «Манас» эл аралык аэропортунан Кытайдын эң

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна дагы 40 млн доллар сатты

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн валюта рыногуна дагы 40 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы 13-февралда валюта рыногуна 40.2 млн доллар сатты. Бул тууралуу регулятордун сайтында маалымдалды. Валютаны сатуу бүтүм жасалган күндөн башка күнгө эсептешүү менен ишке ашкан. Бул жыл башынан бери регулятордун үчүнчү интервенциясы. Жалпысынан 2023-жылы Улуттук банк валюта рыногуна 191.57 млн доллар сатты. 2022-жылы өлкөнүн башкы банкы валюта

Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 4.2 млрд сом киреше тапты

Жогорку технологиялар паркы өткөн жылы 4.2 млрд сом киреше тапты

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы (ЖТП) былтыр 4.2 млрд сом киреше алса, анын 92% экспорттун эсебинен камсыздалган. Бул тууралуу аталган парктын директору Чубак Темиров отчеттук маалыматында билдирди. «2022-жылдын жыйынтыгы боюнча биз 4.2 млрд сомдон ашык киреше алдык, бул мурдагы 2021-жылга салыштырмалуу дээрлик 100%га көп. Анда ишканалар 2.1

Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг - 2022

Кызыктуулар

Мамлекеттик «Айыл Банк» капиталынын көлөмү боюнча лидер аталды. Рейтинг - 2022

2022-жылы Кыргызстандагы коммерциялык банктардын капиталынын көлөмү 49%га – 59.5 млрд сомдон 88.7 млрд сомго чейин өстү. Economist.kg жылдык отчетторду изилдеп көрүп, «Айыл Банк» капиталы боюнча коммерциялык банктардын арасында абсолюттук лидер экенин аныктады. Анын капиталы 4.2 млрд сомдон 11.7 млрд сомго (+177%) өскөн. ТОП-5ке ошондой эле

ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн

ММБФнын кызматкерлери Ошто имараттарды жашыруун ижарага берип жүрүшкөн

Ош шаардык прокуратурасы Ошто мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендигин аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Текшерүүдө Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Ош, Баткен облусттары жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдары жана “Кыргызкөмүр” МИнин Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызмат адамдары аталган мекемеге караштуу мамлекеттик имаратты аукциондон өткөрүүдөн качып, мамлекетке

Күн электр станциясын былтыры куруп баштады деген «Бишкек Солар» учурда жер маселесин чечип жатат

Күн электр станциясын былтыры куруп баштады деген «Бишкек Солар» учурда жер маселесин чечип жатат

Күн электр станциясын курууга даярданып жаткан “Бишкек Солар” ААК компаниясы учурда жер маселесин жана тиешелүү документтерин бүткөрүүгө аракеттенип, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Энергетика министри Таалайбек Ибраев 12-февралда Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барган. Министр жумуш сапардын алкагында Ибраев Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл өкмөтүндө курулууга пландалып жаткан

9 банк биригип, каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөсүнө Бишкектен батир алып беришти

9 банк биригип, каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөсүнө Бишкектен батир алып беришти

«М Булак» МКК, «ЭкоИсламикБанк» ЖАК, «ФИНКА Банк» ЖАК, «Халык Банк Кыргызстан» ААК, «Азия Банкы» ЖАК, «Бай-Түшүм» ААК, «Кыргыз-Швейцария Банкы» ЖАК, «Капитал Банк» ААК жана «Кыргызкоммерцбанк» ААК Баткенде куралдуу кагылышууда каза болгон эки чек арачынын үй-бүлөлөрүнө батир сатып алып беришти. Жогоруда аты аталган банктар кайрымдуулук катары жалпы суммасы 8.5 млн

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду КРдагы бардык мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн жолугууга чакырат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду КРдагы бардык мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн жолугууга чакырат

КРдагы Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду бардык мейманкана бизнесинин өкүлдөрүн жолугууга чакырат. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда жайгаштыруу обьектилерин башкарууга (PMS) арналган программалык камсыздоо системасы жана онлайн алдын ала ээлөө (брондоо) сервистеринин презентациясы өтөт. КРда онлайн брондоо кызматтары жана ишмердүүлүктү башкаруунун программалык системалары (PMS) киргизилет. Иш-чара 2023-жылдын 21-февралында Бишкекте,

Кийинки жылдан киреше алган бардык жарандар салык декларациясын тапшырышат

Кийинки жылдан киреше алган бардык жарандар салык декларациясын тапшырышат

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдан тартып Кыргызстанда жалпы салыктык декларациялоонун биринчи этабы баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Жыл сайын милдеттүү түрдө салык декларациясын тапшыргандардан тышкары, быйылкы жылы салык төлөөчүлөрдүн жаңы категориялары да тапшыруусу зарыл. Тактап айтканда, ушул жылдын 1-майына чейин 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча салык декларациясын төмөнкүлөр тапшырышы керек: * мамлекеттик

Кыргызcтандык куткаруучулар Түркияда дагы төрт жаранды урандылардын астынан тирүү табышты

Кыргызcтандык куткаруучулар Түркияда дагы төрт жаранды урандылардын астынан тирүү табышты

Кыргызстандык куткаруучулар кыйрап калган 12 кабаттуу үйдүн эң астынкы кабатынан 4 жаранды тирүү алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Эскерте кетсек, жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 7-февралда 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кеткен. Ал эми