Коом
Жумгалда ат туризм боюнча фестивалы өтөт
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында 21-июлдан 23-июлга чейин «Кызарт-Килемче-Соң-Көл» ат туризми боюнча фестиваль өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди. Фестивалдын максаты – жергиликтүү калктын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу, жергиликтүү туризм ишмердүүлүгүн туруктуу өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат. Такталгандай, биринчи күнү Кызарт айылында фестивалдын салтанаттуу