Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек мэриясында бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Бишкек шаарынын мэриясында борбордун укук коргоо органдарынын жана  бардык муниципалдык кызматтарынын жетекчилеринин катышуусунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча мэр Айбек Джунушалиев тарабынан  Биринчи май райондук администрациянын, ошондой эле шаардын башка райондук акимияттарынын ишмердүүлүгүн текшерүү максатында кызматтык иликтөө жүргүзүү тапшырылган.

Биринчи май райондук администрациясына текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө комиссия калаанын борбордук районун жаңы жылдык майрамга даярдоо боюнча пландуу иштердин жоктугун аныктады (текшерүү учурунда муниципалдык администрацияда көрсөтүлгөн массалык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы, ИИБ жана ӨКМБ менен биргелешкен пландардын ж.б. жоктугу), ошондой эле башка олуттуу уюштуруу кемчиликтери аныкталган.

"Ала-Тоо" аянтынын жана ага жакын жайгашкан шаардыктар жана эл көп жүргөн жерлердин абалы менен таанышуу, ишенип берилген аймакты көрктөндүрүү жана тазалоо, Ала-Тоо аянты да жана анын айланасында өрт жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкектин борбордук аянтында башаламан сооданы жоюу маселелерине карата Биринчи май районунун  жетекчилеринин шалаакы мамилеси жөнүндө тыянак чыгарууга мүмкүндүк берди.

Ошондой эле кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиевдин көмүскө  жайларга каршы күрөшүү иштерин уюштуруу тапшырмасын аткаруу боюнча борбордун Биринчи май району боюнча муниципалдык администрациянын иши иликтенген.

Аталган тапшырманын аткарылышын текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Биринчи май райондук муниципалдык администрациясынын башчысы М.Осмонов жана №14 МАБ башчысы А. Б. Төлөкулов тарабынан бул тапшырманы ишке ашыруу боюнча жетиштүү чаралар көрүлбөгөндүгү, формализм жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүнүн жетишсиздиги аныкталган. Көмүскө жайлардын ишмердүүлүгүнүн улантылышы Бишкектин райондорунун жетекчилеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерине жоопкерчиликсиз мамилесинин кесепети болуп саналат, бул тууралуу Джунушалиев жыйында акимдерге эскерткен. Ошондой эле, бүгүнкү мэриядагы жыйындын жыйынтыгы менен акимдерге жана шаардык ички иштер башкармалыгына бул багыттагы иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Комиссиянын корутундусунун негизинде мэрия Биринчи май районунун башчысы М.Осмоновду, Биринчи май районунун акиминин орун басары Ч.Байсовду, Бишкек шаарынын №14 муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы А.Төлөкуловду ээлеген кызматынан бошотуп,   бир катар башка кызмат адамдарына сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым жерлеринде 20-октябрда суу өчүрүлөт

20-октябрда саат 09:00дөн 20:30га чейин "Ала-Тоо-1" жана "Ала-Тоо-2" конуштарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, "Ала-Тоо" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда профилактикалык оңдоо иштери жүргүзүлөт. Суу турак үйлөргө, мектептерге, бала

Ишкер Media
Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Кыргызстанда кырсыктан кийин калыбына келтирүү системасы бааланды

Финансы министрлигинде өлкөнүн өзгөчө кырдаалдардан кийин калыбына келтирүүгө даярдыгын баалоо боюнча миссия өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалым болгондой, эки күндүк миссия Азия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылып жаткан "Азия-Тынч океан аймагын кырсыктардан кийин туруктуу калыбына келтирүүгө даярдоону жогорулатуу" техникалык жардам долбоорунун алкагында уюштурулду.

Ишкер Media
Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Эрлист Акунбаев: 5 жылда өнөр жай өндүрүшү 2 эседен ашык өстү

Бишкекте "Жаштык аренада" "EXPO Евразия Кыргызстан 2026" жана "Кыргызстан EXPO 2026" эл аралык көргөзмөлөрү башталды. Иш-чара 15-17-октябрда өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди. Көргөзмөгө Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков катышып, Кыргызстандын өнөр жайы оң динамика көрсөтүп жатканын билдирди. Анын айтымында,

Ишкер Media
Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

Бишкекте экспорттук көзөмөл боюнча семинар өтүүдө

14–16-октябрда Бишкекте мамлекеттик органдардын кызматкерлери үчүн экспорттук көзөмөл боюнча практикалык семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен кабарлашты. Иш-чара Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги менен Германиянын Экономика жана экспорттук көзөмөл боюнча федералдык ведомствосу (BAFA) тарабынан “ЕБ P2P” программасынын алкагында уюштурулган. Окутуунун негизги максаты - улуттук стратегиялык

Ишкер Media