Бизнес маек
Азыркы миграциянын социалдык кесепеттерине биз он жылдан кийин дуушар болобуз — Economist.kg уюштурган тегерек столдогу пикирлер
22-декабрда Economist.kg басылмасы «Мигранттар. Кыргызстандыктар үчүн жаңы багыттар» темасы боюнча тегерек стол уюштурган. Катышуучулар мигранттардын учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашып, Кыргызстан үчүн миграция жакшыбы же жаманбы деген суроо боюнча өз ойлорун айтышты. Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлөдө эмгек мигранты бар. 90 миң жаш баланын атасы же апасы мигрант катары башка өлкөдө