Мурдагы прокурор Кубат Абдраимов «Кыргызалтындын» төрагасы болуп дайындалды

Бүгүн, 19-январда Кубат Абдраимов «Кыргызалтын» ААКтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Башкармалыктын төрагасы болуп дайындалганга чейин Абдраимов компаниянын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Ал бул кызматка 2022-жылдын сентябрында келген. Ал эми 2018-жылдын октябрынан 2021-жылдын февралына чейин Ош шаарынын прокурору кызматын аркалаган.

Эскерте кетсек, «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Элдияр Султанов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган болчу. Султанов «Кыргызалтындын» жетекчиси болуп 2022-жылдын сентябрында дайындалган. Ага чейин ал «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын жетектеп келген.

Ал эми Султановго чейин өткөн жылдын сентябрь айында «Кыргызалтын» ААК башкармалыгынын төрагасы Жарасул Абдураимов, ошондой эле төраганын орун басарлары Амантур Турсуниязов, Жеңиш Сейдалиев жана Данияр Конокбаев бир убакытта кызматтан кетишкен жана анын себеби айтылган эмес.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Тоскоол-Ата токой чарбасында 100 гектар жер тосулат

Быйыл 4 коллекциялык тыйын чыкты

Жыгач экспортуна тыюу салууну узартуу сунушталды

Баткенде ооруканалардын көмүрү 92%, мектеп-бала бакчалардын 74% жеткирилди

Бишкекте энергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтык талкууланды