«Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы бюджетке 9.5 млрд сом төктү

«Альянс Алтын»  компаниясы 2022-жылы бюджетке 9.5 млрд сом төктү

Жерүй кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» компаниясы ноябрь айына карата республикалык жана жергиликтүү бюджетке 9.5 млрд сом салык төлөсө, анын 6.4 млрд сому алтынды сатуудан түшкөн каражаттан чегерилген. Бул тууралуу компаниянын финансылык отчетунда айтылат.

«Альянс Алтын» ишканасы Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө 680 млн 571.7 миң сом төлөгөн, анын ичинде:

  • Талас облусун өнүктүрүү фонду – 340 млн 285.8 миң сом
  • Талас районунун өнүктүрүү фонду – 204 млн 171.5 миң сом
  • Бекмолдо айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фонду – 136 млн 114 миң сом.

Декабрь айына карата компанияда 790 кызматкер иштейт, анын ичинде:

  • башка аймактардан – 292 кызматкер (27%)
  • Талас районунан – 498 кызматкер (73%), анын ичинен Бекмолдоев айыл өкмөтүнөн – 201 кызматкер (Талас районунан кызматкерлердин жалпы санынын 41%).

Ошондой эле компания Талас районунун 361 жашоочусун окутуп, натыйжада, кабыл алуу комиссиясынын ишинин жыйынтыгы боюнча 2022-жылдын октябрь айына карата алардын ичинен 210 адам «Альянс Алтын» ЖЧКсына жумушка орношкон.


«Альянс Алтын» компаниясы 2022-жылы 4150 кг алтын казып алды

«Альянс Алтын» компаниясы бюджетке 8.9 млрд сом төктү

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын