Санариптик өнүктүрүү министрлиги жана VisionLabs компаниясы жарандарды аралыктан таануу долбоорун ишке ашырууда
Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандарды аралыктан идентификациялоо жана верификациялоо платформасын түзүүдө. Долбоорду ведомствого караштуу “Инфоком” ишканасы жана VisionLabs жеке компаниясы ишке ашыра турганын министрлик Facebook-тагы расмий баракчасында билдирди. «Инфоком» менен VisionLabs ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду. Долбоор боюнча Кыргызстанда биометрикалык терминалдар системасы жана калкка мамлекеттик жана финансылык кызматтарды көрсөтүү