Жөнү жок текшерүү жана акча жыйноо - бийлик эмнеге бизнести текшерүүгө тыюу салганын түшүндүрдү

Жөнү жок текшерүү жана акча жыйноо - бийлик эмнеге бизнести текшерүүгө тыюу салганын түшүндүрдү

2023-жылдын ичинде ишкерлерди жана банктарды текшерүүгө киргизилген мораторий жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарт түзүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган. Бул тууралуу президенттин администрациясынын билдирүүсүндө айтылды.

Президенттин кеңсеси белгилеп кеткендей, ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө бизнестин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген, калктын жана инвесторлордун, анын ичинде чет элдик инвесторлордун ишкердик активдүүлүгүн төмөндөткөн көйгөйлөр бар.

Мына ушул көйгөйлөрдүн бири – укук коргоо органдары, салык жана көзөмөлдөөчү органдар тарабынан текшерүүлөр өтө көп жүргүзүлүшү жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануусу. Буга кичи, орто жана ири бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде коммерциялык банктар көп даттанышат.

Көбүнчө бул негизсиз, кайталанма, атүгүл мыйзамсыз текшерүүлөр, акча талап кылуу фактылары да учурайт.


Бул тема боюнча башка материалдарды окуңуз:

Мамлекеттик органдар 2023-жылы бизнести жана банктарды текшербейт

Мындан тышкары окуңуз

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Министрлик жарандарга төлөнбөй калган 4,4 млн сом эмгек акыны өндүрүп берди

Эмгек министрлиги 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында кызматкерлерге төлөнбөй калган 4 млн 408 миң 972 сом айлык акысын кайтарып алуусуна көмөктөштү. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын ушул мезгилинде өндүрүлгөн сумма 7 млн 199 миң 869 сомду түзгөн. Быйыл бул көрсөткүч 2 млн 790 миң 896 сомго же 38,8%га азайган.

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Адылбек Касымалиев: Ысык-Көлдөгү айланма жолдун курулушу эки-үч жылдын ичинде аяктайт

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жакынкы жылдары Ысык-Көл облусунда жолдорду масштабдуу оңдоо пландалып жатканын билдирди.  “Өзүңүздөр көрүп тургандай, Балбай айылына чейинки жолду оңдоо иштери дээрлик аяктады. Андан ары Балбайдан Караколго, андан кийин Барскоонго жана Балыкчыга чейинки тилкени оңдоо иштери уланат. Ысык-Көлдөгү айланма жолду оңдоо иштери эки-үч жылдын

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Гемодиализ кызматындагы мыйзам бузуулар 226 млн сомдон ашык зыян алып келди

Башкы прокуратура бюджеттик программалык гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдө аныкталган мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин козгоду. Маалыматка ылайык, текшерүүдө медициналык документтерге жана "Гемодиализ" автоматташтырылган маалыматтык тутумуна анык эмес маалыматтар киргизилгени аныкталган. Тактап айтканда, Кыргызстандан тышкары жүргөн жана каза болгон бейтаптарга гемодиализ жүргүзүлгөнү тууралуу маалыматтар катталган. Техникалык жактан мүмкүн болбогонуна карабастан

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Салык кызматы: Салыкты 1-сентябрдан кечиктирбестен төлөөнү эскертти

Мамлекеттик салык кызматы жарандарга мүлк салыгын өз убагында төлөө зарылдыгын эскертет. Салык кызматынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкү салыктарды төлөө зарыл: ишкердик жүргүзүүдө пайдаланылбаган турак үйлөр жана батирлер үчүн мүлк салыгы; үй жанындагы, короо алдындагы жана бакча-чарба жер тилкелери үчүн жер салыгы. 2026-жылы төлөнүүгө тийиш