2025-жылдан тартып унааларга видеокаттоону коюу милдеттендирилиши мүмкүн
ИИМ бардык унаа ээлерин 2025-жылдан тарта унааларга видеокаттоо (видеорегистратор) орнотууну милдеттендирүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. ИИМ видеокаттоо орнотуу коомдук коопсуздукту чыңдоого жана айдоочулардын тартибин күчтөндүрүүгө шарт түзөрүн билдирүүдө. Мыйзам долбооруна ылайык, өзгөртүлгөн мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириш керек. Демилгечилер бул аралыкта айдоочулар видеорегистратор сатып алууга жетишет