Фермерлерге 3 млрд сомдон ашык суммага жеңилдетилген насыя берилди

Фермерлерге 3 млрд сомдон ашык суммага жеңилдетилген насыя берилди

«Айыл чарбасын каржылоо -11» долбоору боюнча фермерлерге 3 млрд сомдон ашык суммага 6 886 жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Такталгандай, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 789.1 млн сомго 1886 насыя берилди, анын ичинен:

• «Айыл банк» - 461 млн сомго 1068 насыя;

• «РСК банк» - 328.1 млн сомго 818 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2.3 млрд сомго 5000 насыя берилди, анын ичинен:

• «Айыл банк» - 1 млрд сомго 2309 насыя;

• «РСК банк» - 1.2 млрд сомго 2691 насыя.

Мындан тышкары окуңуз

Apple Pay DemirBank карта ээлерине жеткиликтүү болот. Жеңил, коопсуз жана жеке төлөм куралы

Apple Pay DemirBank карта ээлерине жеткиликтүү болот. Жеңил, коопсуз жана жеке төлөм куралы

Бүгүнтөн баштап DemirBank тарабынан чыгарылган карталардын ээлери Apple Pay – мобилдик төлөмдөр чөйрөсүн толугу менен өзгөртүп, ылдамдыкты жана ыңгайлуулукту сунуштаган жеңил, коопсуз жана жеке төлөм куралынан пайдалана алышат.  Apple Pay'дин негизинде коопсуздук жана купуялуулук жатат. Кредиттик же дебеттик картаны Apple Pay'ге кошкондо, картанын номери түзмөктө да, Apple&

Кемин шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кемин шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев кызматтан кетти. Кемин райондук админстрациясынын маалыматына караганда ал өзүнүн каалоосу менен кызматтан кеткен. Кайрат Абдывалиев 2021-жылдын июнь айынан бери Кемин шаарын башкарып келген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х

Чоң-Алайда курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Чоң-Алайда курулуш эрежелерин бузган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

Чоң-Алай районунда Социалдык фонддун имаратынын курулушунда курулуш ченемдери менен техникалык талаптардын бузулушу аныкталып, подрядчы компанияга 200 миң сом айып пул салынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы аймактагы курулуш объектилерин көзөмөлдөө иштерин улантууда. Министрликтин маалыматына ылайык, Чоң-Алай

Кыргызстан менен Япония экология тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Япония экология тармагындагы кызматташтыкты күчөтөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Министр элчини Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады. Ошондой эле Япония айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү жана тоо-