Оор жүк ташыган айдоочулар Нарындагы 6 балалуу үйү жок бүлөгө төрт бөлмөлүү үй салып беришти
«Нарын-Транс”, “Ат-Башы-Транс”, “Ак-Талаа-Транс”, “Ысык-Көл-Транс”, “Чүй-Транс” жана “Кочкор-Транс” коомунун айдоочулары биригип, Нарындагы 6 балалуу үйү жок үй-бүлөгө 4 бөлмөлүү үй салып беришкен. Бул тууралуу “Нарын медиа борбору” билдирди. Маалыматка таянсак, Кара-Булуң айылынын тургуну Мурат Иманакуновдун буга чейин өзүнүн тамы болгон эмес. 6 балалуу үй-бүлө турмуш шарттын айынан үй кура албай келген.