ЕАЭБ боюнча азык-түлүк Кыргызстан менен Казакстанда эң көп кымбаттады

Үстүбүздөгү жылдын март айында ЕАЭБ өлкөлөрүндө баалардын эң жогорку өсүшү Казакстан менен Кыргызстанда катталган. Март айынын жыйынтыгын Улутстатком билдирди.

Алсак, ушул жылдын март айынын аягында Кыргызстан менен Казакстанда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу баалар 3.2%га өскөн.

Беларуста баалар 2.6%га, Россияда 1.7%га өскөн. Эң жай өсүш Арменияда катталган – 0.8%.

Категорияларды карай турган болсок, анда отчеттук мезгилде Кыргызстанда товарлар 3.8%га, ал эми азык-түлүк эмес товарлар 2.1%га кымбаттаган. Казакстанда тиешелүүлүгүнө жараша 4.1% жана 2.5%.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

АӨБ менен кызматташуунун 2028–2032-жылдарга планы талкууланды

Өлкөгө 500 млн доллардан ашык инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү каралды

УчкайКЕП: Өлкөдө бир аптада орун алган маанилүү окуялар

5 жылда өлкө бюджети 4,5 эсеге өстү

Бишкекте лицензиясыз валюта алмаштырган эки жаранга айып пул салынды