Саламаттыкты сактоо министрлиги iLab жана «Иммунизация» деген эки маалыматтык системаны ишке киргизет
Жылдын аягына чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги маалыматтарды аралыктан кабыл алууга мүмкүндүк берген эки маалыматтык системаны ишке киргизүүнү пландаштырууда. Бул тууралуу маалымат жыйынында Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков билдирди. Анын айтымында, системалардын бири iLab деп аталып, ал жарандарга диагностикалык жана клиникалык изилдөөлөргө жөнөтүлгөн бардык лабораториялардагы тесттин жыйынтыгын аралыктан алууга