Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн салык кызматында катталуу жөнөкөйлөшөт

Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн салык кызматында катталуу жөнөкөйлөшөт

Бишкек шаарынын ишкерлерин тейлөө борборунда «Өкмөттүк акселераторлор» программасын ишке ашыруунун алкагында ведомстволор аралык жумушчу топ кезектеги жыйын өткөрүп, жеке ишкерлерди салыктык каттоо жол-жоболору менен таанышты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери иш жүзүндө арыз берүүдөн баштап тиешелүү документтерди алганга чейин жеке жакты жеке ишкер катары салыктык каттоо боюнча бардык процессин көрсөтүштү.

Белгилей кетсек, жооптуу ведомстволор аралык жумушчу топтун алдында калкка мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөткөн жеке ишкерлерди каттоо методикасын иштеп чыгуу милдети турат.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы 100 күндүн ичинде чечилүүгө жана ишке ашырылууга муктаж болгон актуалдуу тармактык маселелерди аныктайт.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

Нарында катуу шамал болуп китепкананын чатырын учуруп кетти

4-июлда Нарын шаарынын аймагында катуу шамал катталды. Бул тууралуу Нарын облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, саат 16:40 чамасында катуу шамалдан улам Ала-Мышык тоосундагы "О" уюлдук операторунун бир радиорелейдик антеннасы кулаган. Анын кесепетинен "О" уюлдук операторунун байланыш түйүнү үзгүлтүккө учурап,

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ошто эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Ош шаарында көрнөк-жарнактарды “Мамлекеттик тил жөнүндө” жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү максатында кезектеги рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Ош шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тил боюнча комиссиясы жана муниципалдык менчик башкармалыгынын Жарнак жана дизайн бөлүмү менен биргеликте А. Навои көчөсүндө эскилиги жеткен жана талаптарга

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Оштогу эскилиги жеткен жылуулук түтүктөрү алмаштырылат

Ош шаарынын мэринин орун басары Эрнис Толтоев “Жылуулук электр борбору" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыйында А.Масалиев көчөсүндөгү эскилиги жеткен магистралдык жылуулук куурларын жаңылоо маселеси талкууланды. Долбоордун алкагында ТК-9 жылуулук камерасынан ТК-16 жылуулук камерасына чейинки узундугу

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен Россияга барат

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарына жумуш сапары менен барат. Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, А.Касымалиев бир катар жолугушууларды өткөрөт. Андан сырткары,  “Иннопром” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө барат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA