Өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууну сунуштайбыз - Акылбек Жапаров
Биз өзбек компанияларына биздин өлкөдө чакан жана орто ГЭСтерди курууга катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Кыргызстан – Өзбекстан» бизнес-форумунда айтканын минкабдын маалымат кызматы билдирди. Жапаров форумда «таза» энергетиканы ишке киргизүү жаатында кызматташууга абдан кызыкдар экенин айткан. “КР энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жогорку потенциалына