Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды

Салык кызматынын лотореясынан батирди, автоунааларды уткандар аныкталды

Мамлекеттик салык кызматы 2022-жылдын 30-декабрында өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү утушунун жеңүүчүлөрүнө байгелерди тапшырды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, лотереянын 3-утушунун жеңүүчүлөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймактарынан катышкан 52 адам болду.

  • Башкы байге – Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батирди Баткен облусунун Сүлүктү шаарынын тургуну жана үй кожойкеси Каныбек кызы Чынара утуп алды. Ал топтогон 106 билеттин бири утуштуу болгон.
  • Honda электромобили Дана Өмүрзаковага, ал эми Neta V электромобили Таалайбек Эйсага буюрду, экөө тең Чүй облусунун тургуну.
  • Дагы 12 адам iPhone 13, 11 адам Samsung смартфондорунун ээлери болушту. Ошондой эле, 6 микротолкундуу меш, 5 чаң соргуч, 5 телевизор, 5 муздаткыч жана 5 кир жуугуч машина өз ээлерин табышты.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 30-декабрында Салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын үчүнчү утушу өтүп, түз эфирдин жүрүшүндө баалуу байгелердин жеңүүчүлөрү аныкталган.

Утушка 18 млн 844 миң 542 билет менен 176 миң 896 адам катышты.

Жеңүүчүлөр сандарды туш келди тандоо ыкмасы (рандом) менен аныкталды. Белгилей кетсек, мыйзамга ылайык, мамлекеттик лотереянын жеңүүчүлөрү утуп алган байгелери үчүн салык төлөөдөн бошотулган.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын