акыркы жаңылыктар

Берилген мамлекеттик кепилдиктердин үчтөн бир бөлүгү аялдардын ишкердигине туура келет – «Кепилдик фонд»

Берилген мамлекеттик кепилдиктердин үчтөн бир бөлүгү аялдардын ишкердигине туура келет – «Кепилдик фонд»

Коммерциялык банктардан кредит алуу үчүн берилген мамлекеттик кепилдиктердин үчтөн бир бөлүгү аялдардын ишкердигине туура келет. Мындай маалыматты Кепилдик фондунун басма сөз кызматы билдирди. Фонд белгилегендей, «Кепилдик фонд» иштеген бардык мезгил ичинде дээрлик 3.6 млрд сом суммасында 2.5 миң кепилдик берилген. Бул кепилдиктердин алкагында фонддун өнөктөш банктары 12 млрд

Айлык акыны көбөйткөндөн улам бюджеттен апрель айында 7.1 млрд сом сарпталды

Айлык акыны көбөйткөндөн улам бюджеттен апрель айында 7.1 млрд сом сарпталды

Социалдык кызматкерлердин (билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт, илим, маалымат жана социалдык кызматкерлер) эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу 2022-жылдын апрель айына эмгек акыларды жана Соцфондго чегерүүлөрдү төлөө боюнча финансылык план 7190.7 млрд сом суммасында каралган. Финансы министрлигинин берген маалыматына таянсак, министрликтерге төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн : * Билим берүү жана илим министрлигине 4 930.

КР менен Улуу Британиянын ортосундагы кош салыкты болтурбоо боюнча келишим күчүнө кирди

КР менен Улуу Британиянын ортосундагы кош салыкты болтурбоо боюнча келишим күчүнө кирди

Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда кош салык салууну, ошондой эле кирешеге жана капиталдын өсүшүнө карата салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги билдирди. «Келишим түз чет элдик инвестицияларды тартууга, салык төлөөдөн качууну азайтууга жана эки башка өлкөдө бизнестин укуктарын кош

Кыргызстанда 3000ге жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт

Кыргызстанда 3000ге жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн кабинеттин маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда Төрөбаев өлкөнүн өнүгүүсүндөгү бизнестин маанилүү ролун белгиледи. «Бизнес – өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдөгү локомотив болуп саналат. Кыргызстанда 2896га жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө ишкерлердин көлөмдүү салымы бар жана

1-майдан баштап КРга келген чет элдик жарандардан ПЦР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт

1-майдан баштап КРга келген чет элдик жарандардан ПЦР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт

1-майдан баштап Кыргызстанга кирүүнү каалган чет элдик жарандардан ПЦР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт. Мындай чечим өлкөнүн коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабынын жыйынында кабыл алынды. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ыкчам штабдын жыйынын өткөрүп, анда республикадагы коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абал жана

Кыргызстандык авиакомпанияларды Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууга аракет кылуу тапшырмасы берилди

Кыргызстандык авиакомпанияларды Евробиримдиктин «кара тизмесинен» чыгарууга аракет кылуу тапшырмасы берилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди. Кеңешмеге тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ата мекендик авиакомпаниялардын өкүлдөрү катышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев ички каттамдардын санын көбөйтүү максатында кичи авиацияны өнүктүрүү, ошондой

Кыргызстанда доллардын наркы төмөндөөдө – сатып алуу курсу 83.5 сом

Кыргызстанда доллардын наркы төмөндөөдө – сатып алуу курсу 83.5 сом

Бүгүн, 28-апрелде саат 14:50гө карата өлкөнүн акча алмаштыруучу жайларында жана комбанктарда доллардын сатып алуу курсу 83.5 сомдун тегерегинде болууда. Valuta.kg порталынын маалыматына ылайык, комбанктарда жана Моссоветтеги акча алмаштыруу жайларында доллардын сатып алуу курсу 83.5-84 сомду, ал эми бир доллардын орточо сатуу курсу 84.6 сомду түздү.

30 млн доллар грантты Айыл чарба министрлиги кайда, кайсы аймактарга жумшай турганы белгилүү болду

30 млн доллар грантты Айыл чарба министрлиги кайда, кайсы аймактарга жумшай турганы белгилүү болду

Кечээ, 27-апрелде Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Министрлер кабинети менен Жашыл климаттык фонддун аккредиттелген уюму катары БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосундагы гранттык макулдашуу үчүнчү окууда кабыл алынды. Мындай маалыматты Айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов да өзүнүн Facebook баракчасында тастыктап, бул кайтарымсыз гранттык каражат кайда жумшалаарын айтты.

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн өзгөрүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн өзгөрүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Улуттук банк доллардын курсунун өйдө-төмөн секириктеринин себебин түшүндүрдү. «Азыркы учурда биздин өлкөдө өзгөрүлмө алмашуу курс режими иштейт, башкача айтканда валюта курсу чет элдик валютага болгон суроо-талап жана сунуш менен аныкталат. Бул жагынан алганда, белгилүү бир убакыттын ичинде курсу өсүшү да, төмөндөшү да мүмкүн. Бул режим үчүн курстун күнүмдүк өзгөрүшү нормалдуу

Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

Аудиттин жыйынтыгында Бишкек мэриясы 6.3 млрд сомду негизсиз сарптаганы маалым болду

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши 2019-2020-жылдарга Бишкек шаарында жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгында 6 млрд 349 млн 525.3 миң сомдук каржы бузуулар болгонун аныктаган. Бул тууралуу палатанын маалымат кызматы билдирди. Анын ичинде төмөндөгү каржылык бузуулар болгон: * товардык материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери – 22 млн 165.4 миң сом * эмгек акыны негизсиз

«Алтын-Кен» ЖЧК мамлекетке дээрлик 150 млн сомдук зыян келтирген – УКМК

«Алтын-Кен» ЖЧК мамлекетке дээрлик 150 млн сомдук зыян келтирген – УКМК

УКМК Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин жооптуу адамдары тарабынан тоо тектеринин калдыктарынын төлөмдөрүн азайтуу боюнча коррупциялык схемасын аныктаганын билдирди. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан «Алтын-Кен» ЖЧК жана башка жооптуу адамдар менен сүйлөшүп алуу жолу аркылуу тоо тектеринин калдыктары үчүн мамлекеттик бюджетке төлөнүүчү төлөмдүн

Бизнес-класс менен учуу, сый акылар – Экономика министрлигинде дээрлик 1 млрд сом рационалдуу эмес колдонулган

Бизнес-класс менен учуу, сый акылар – Экономика министрлигинде дээрлик 1 млрд сом рационалдуу эмес колдонулган

КРнын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2019-2020-жылдарга Экономика жана коммерция министрлигинин ишине натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити тууралуу отчётту карап, бекитти. «Аудиттин жүрүшүндө төмөнкүдөй каржы бузуулар аныкталды: 128.6 миң сомдук каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер болгон. Аудиттин материалдарында көрсөтүлгөндөй, мурунку аудиттин сунуштарына карабастан, бизнес-класстагы авиабилеттерди