Кыргызстанда 2022-жылы жашоо минимуму 7 миң сомду түздү

2022-жылы киши башына жашоо минимуму 7178 сомду түздү. Бул тууралуу 13-январда Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдиришти.

Белгиленгендей, бул көрсөткүчтөр 2021-жылга салыштырмалуу 14.5%га жогорулады. Бул азык-түлүк товарларынын бааларынын тынымсыз өсүшүнө байланыштуу болгон.

«2022-жылы эмгекке жарамдуу калк үчүн жашоо минимумунун өлчөмү айына 8025 сомду түздү. Пенсия курагындагы калк үчүн 6395 сом, балдар үчүн 6099 сом», – деп белгилешти Улутстаткомдун өкүлдөрү.

2022-жылы жашоо минимумунун эң жогорку деңгээли Жалал-Абад облусунда белгиленип, айына 7731 сомду түзгөн, бул республикадагы бүт көрсөткүчтөн 553 сомго же 7.7%га көп. Талас облусунда жашоо минимумунун эң төмөнкү көрсөткүчү 6731 сомду түзүп, 446 сомго же 11%га төмөн болгон.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Атада 4 ири ишкананы пайдаланууга берүү пландалууда

Ошто 6 миң гектар жерге көчөт отургузулду

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты