Токтогулда күн сайын суунун деңгээли 60 млн куб метрге төмөндөөдө - энергосистема болгон кубаттуулукта иштеп жатат

Токтогулда күн сайын суунун деңгээли 60 млн куб метрге төмөндөөдө - энергосистема болгон кубаттуулукта иштеп жатат

Улуттук энергохолдинг абанын температурасынын кескин төмөндөшү менен кечээ, 12-январь күнү өлкөдө электр энергиясын керектөөнүн эң жогорку көрсөткүчү катталып, ал 73.8 млн кВт саатты түзгөнүн билдирди.

Аталган энергохолдинг керектөөгө жараша Токтогул суу сактагычынан суунун сарпталышынын дагы эң жогорку көрсөткүчү белгиленгенин билдирди.

Күн сайын суунун деңгээли 60 млн куб метрге төмөндөөдө. Учурдагы 10.6 млрд куб метр деңгээлде суу ресурстарынын бардык көлөмү азайып, келерки күз-кыш мезгилине даярдыкка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Улуттук энергохолдинг абоненттерди кечинде (саат 18.00дөн 21.00гө чейин) жана эртең менен (саат 7.00дөн 10.00гө чейин) керектөөнүн максималдуу учурунда электр энергиясын көп талап кылган тиричилик техникасын колдонбоого жана жылытуунун альтернативдүү булактарына (газ, көмүр) өтүүнүн зарылдыгын дагы бир ирээт өтүнөт”, – дейт мекеме.

Акыркы эки күндөн бери кечки сааттарда энергосистема болгон кубаттуулукта ишин алып барууда. Бул көрүнүш жылытуу мезгилинде өтө кооптуу деп эсептелет.

Керектөөнүн өсүшүнүн уланышы негизги жабдуулардын ашыкча жүктөлүшүнө жана электр энергиясы менен камсыздоонун авариялык өчүрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.


Белгилей кетсек, өткөн жылы 5-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 972 млн куб метр болчу.

Суу сактагычтагы суунун максималдуу деңгээли – 19.5 млрд куб метр, нормалдуу көлөмү – 17.3 млрд болсо, пайдалуу өлчөмү – 14 млрд куб метрди түзүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Wildberriesтин дагы бир кампасы дрон чабуулуна кабылды

Россиянын Самара облусундагы Новосемейкино кыштагында жайгашкан Wildberries компаниясынын логистикалык борборуна бүгүн эртең менен учкучсуз учактар чабуул жасап, анын кесепетинен кампада өрт чыкты. РИА Новостинин маалыматына карагада, окуя болгон жерде өрт өчүрүүчүлөр иштеп жатышат. Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Самара облусунун губернатору Вячеслав Федорищев да кампанын украиналык дрондордун чабуулуна кабылганын,

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Бир коммерциялык банкка 13,6 млн сом айып пул салынды

Кыргызстанда Улуттук банктын лицензиясынын негизинде ишмердүүлүк жасап жаткан 26 коммерциялык банк жана алардын филиалдары бар. Алардын бири мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн Улуттук банк тарабынан - 13 млн 600 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июлунда бир коммерциялык банкка ички

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

Мыйзамсыз алтын алып чыгуу аракетинин эки фактысы аныкталды

«Манас» бажысынын кызматкерлери Бишкек–Стамбул каттамындагы жүргүнчүлөрдү текшерүү учурунда ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу декларацияланбаган алтын буюмдарын мыйзамсыз алып чыгуу аракетинин эки фактысын аныкташты. Бажы кызматынын маалыматына караганда, биринчи учурда Кыргызстандын жаранынын уюлдук телефонун текшерүүдө аккумулятордун артына катылган жалпы салмагы 38,88 грамм болгон 999,9 үлгүдөгү 12 даана алтын

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ошто "Тынчтык жөнүндө" мыйзамды бузган эки жайга 56 миң сом айып салынды

Ош шаарында "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарын бузган эки эс алуу жайына жалпы 56 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 31-июлда Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы шаардык милиция менен биргеликте "Тынчтык жөнүндө" мыйзамдын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө максатында рейд өткөрдү. Мэриянын