
Коом
Ошто суу кампаларын куруу иштери тынымсыз жүрүүдө – видео
Ош шаарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуунун алкагында жалпы сыйымдуулугу 24 миң метр кубду түзгөн 4 суу кампасын куруу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады. Такталгандай, иштер дем алуу күндөрүнө карабастан жүрүп жатат. Бул суу кампалары №3-7 насостук станциясынын аймагына курулууда.