Ошто суу кампаларын куруу иштери тынымсыз жүрүүдө – видео
Ош шаарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуунун алкагында жалпы сыйымдуулугу 24 миң метр кубду түзгөн 4 суу кампасын куруу иштери тынымсыз жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
Такталгандай, иштер дем алуу күндөрүнө карабастан жүрүп жатат.
Бул суу кампалары №3-7 насостук станциясынын аймагына курулууда.