Latest

Сочидеги «Евразия – биздин үйүбүз» көргөзмөсүндө 30 кыргызстандык ишкана катышууда

Бизнес

Сочидеги «Евразия – биздин үйүбүз» көргөзмөсүндө 30 кыргызстандык ишкана катышууда

Сочиде кыргызстандык өндүрүшчүлөрдүн катышуусунда «Евразия биздин үйүбүз» көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктиги кабарлады. Маалыматка ылайык, «Кыргызстанда жасалган» улуттук көргөзмө стенддери даярдалган. Бул көргөзмө ЕАЭБдин алкагында конкреттүү жетишкендиктерди жана иштеп чыгууларды көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө. Ошол эле учурда КРнан өнөр жай, тамак-аш, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү 30дан ашык ишканалар,

Бишкекте «Аэропорт» ассоциациясынын техникалык комитеттеринин эл аралык жыйыны өттү

Бишкекте «Аэропорт» ассоциациясынын техникалык комитеттеринин эл аралык жыйыны өттү

2023-жылдын 7-июнунда Бишкекте «Манас» эл аралык аэропорту» ААК Жарандык авиациянын «Аэропорт» ассоциациясы (Россия, Москва ш.,) менен биргеликте өткөргөн техникалык комитеттердин жыйыны өттү. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады. Иш-чарага авиамекемелердин жана аэропорттор үчүн материалдарды, техникаларды жана жабдууларды өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери жана адистери катышат, алар: «Внуково» аэропорту, «Домодедово» аэропорту, «Домодедово аэродром»

«Ишкер аялдардын өз укуктарын жакшы билиши абдан маанилүү» – Сергей Пономарев

Бизнес

«Ишкер аялдардын өз укуктарын жакшы билиши абдан маанилүү» – Сергей Пономарев

Сергей Пономарев дээрлик 30 жылдан бери ишкерчилик чөйрөдө, анын ичинде 20 жыл – бизнестин укугун коргоо жаатында иштеп келет. Биз эксперт менен Кыргызстанда аялдардын ишкерлиги кантип өнүгүп жатканын, аялдар өздөрүнүн укуктарын канчалык жакшы билээрин жана бизнес үчүн дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бардыгы жөнүндө сүйлөштүк. Аялдар ишкерлиги өткөн кылымдын 90-жылдары каатчылык мезгилде калыптана

Кыргызстандын жаңы туристтик объектилери үч жылга салыктан бошотулушу мүмкүн

Бизнес

Кыргызстандын жаңы туристтик объектилери үч жылга салыктан бошотулушу мүмкүн

Жаңы ачылган туристтик объектилерди үч жылга салыктан бошотуу сунушталды. Бул тууралуу брифинг учурунда Туризм департаментинин жетекчиси Кыял Кенжематова билдирди. Адистин айтымында, мында кеп жаңы мейманканаларды, тоо-лыжа базаларын, туристтик жана этнокомплекстерди салыктан бошотуу тууралуу жүрүүдө. «Туристтик объектилерди курган ишкерлерди жок дегенде алгачкы үч жылда салыктан бошотуу боюнча сунуш бар. 2024-жылдан тарта

Депутаттар АӨБдөн 35 млн долларлык кредит алуу боюнча долбоорун колдоп беришти

Гранттар жана кредиттер

Депутаттар АӨБдөн 35 млн долларлык кредит алуу боюнча долбоорун колдоп беришти

Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан саламаттык сактоо тармагын жакшыртуу үчүн 35 млн доллар алат. Бул келишимди ратификациялоо мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин тарабынан жактырылды. Каражаттын ичинен 10 млн кредит, 20 млн грант. Долбоордун алкагында Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында 16 лаборатория жана 5 оорукана, ошондой эле биоматериалдарды жыйноочу 50 пункт

Улуу Британиянын бизнеси КР менен кызматташууга кызыкдар

Бизнес

Улуу Британиянын бизнеси КР менен кызматташууга кызыкдар

Улуу британия бизнесмендер үчүн атайын преференцияларды берүү менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн соода схемасын киргизүүдө. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен жолугуу учурунда Улуу Британиянын элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Шарлотт Сурун билдирди. Такталгандай, бул схема тарифтерди төмөндөтүүнү, өнүкпөгөн өлкөлөр үчүн товарлардын келип чыгуу эрежелерин жөнөкөйлөтүүнү

Ипотекалык насыя алуу үчүн МИКке кантип катталуу керек – нускама

Кызыктуулар

Ипотекалык насыя алуу үчүн МИКке кантип катталуу керек – нускама

Үйүңүздөн чыкпай туруп, ипотекалык насыяга кайрылуу үчүн "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК (МИК) системасында каттоодон өтүшүңүз керек. Төмөндө бул тууралуу кадам сайын көрсөткөн нускама беребиз. Электрондук порталда каттоо 24/7 иштейт, андыктан уюлдук телефон болсо жетиштүү. Шилтеме аркылуу онлайн катталсаңыз болот. 1-кадам. Каттоо Каттоо үчүн сиз өзүңүз жөнүндө маалыматты

Лебединовка ГЭСи реконструкциялоодон кийин чыгымдарын 7 жылдын аралыгында актайт

Гранттар жана кредиттер

Лебединовка ГЭСи реконструкциялоодон кийин чыгымдарын 7 жылдын аралыгында актайт

Лебединов ГЭСин оңдоп түзөө жумуштары 3 жылда бүткөрүлүп, ГЭС 7 жылдын ичинде кеткен чыгымдарын актайт. Бул тууралуу ЖК жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымдады. Эске салсак, бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Лебединовка ГЭСин реконструкциялоо» долбоору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен кол коюлган гранттык макулдашуу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү

Кыргызстан менен Катар 13 документтке кол коюшту

Экономика

Кыргызстан менен Катар 13 документтке кол коюшту

Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында, 7-июнда, эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тараптар төмөнкү документтерге кол коюшту: · КРнын министрлер кабинети менен Катар мамлекетинин өкмөтүнүн ортосунда маданий борборлорду

Катар биз үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет – Садыр Жапаров

Бийлик

Катар биз үчүн приоритеттүү өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет – Садыр Жапаров

КРнын президенти Садыр Жапаров менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин өлкөгө жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында сүйлөшүүлөрү өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана анын келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүү жана өнүктүрүү чараларын талкуулашты. Жапаров өз сөзүндө

Бишкектиктер өз районун көрктөндүрүү үчүн грант алууга мүмкүнү бар

Коом

Бишкектиктер өз районун көрктөндүрүү үчүн грант алууга мүмкүнү бар

Бишкек шаарынын тургундары грант алуу үчүн борбор калаанын акимияттарына кайрылып өз районун көрктөндүрсө болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Биринчи май району боюнча комиссиясы 15 арыздын ичинен 8 арыз 5.1 млн сомго канааттандырды. Алсак, канааттандырылган арыздар үйдүн чатырын алмаштыруу, лифтти модернизациялоо, үйдүн фасадын жана подъездди оңдоого,

Дыйкандар «Айыл банктан» 10.4 млрд сомдук айыл чарба техникасын лизингге алышты

Экономика

Дыйкандар «Айыл банктан» 10.4 млрд сомдук айыл чарба техникасын лизингге алышты

Кыргызстандын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрү 10.5 млрд сомго 5 миң 54 бирдик техника алышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Такталгандай, техниканы лизингге «Айыл банк» ААКму берген. Техникалар жана жабдуулар бардык түрлөрү жеңилдетилген шарттарда – жылдык 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилет.