Дыйкандар «Айыл банктан» 10.4 млрд сомдук айыл чарба техникасын лизингге алышты
Кыргызстандын айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрү 10.5 млрд сомго 5 миң 54 бирдик техника алышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Такталгандай, техниканы лизингге «Айыл банк» ААКму берген. Техникалар жана жабдуулар бардык түрлөрү жеңилдетилген шарттарда – жылдык 6-9% менен 7 жылдан 10 жылга чейин берилет.