Latest

Дастан Жумабеков «Кичи-Капка» өткөрмө бекетин ачууну сунуштады

Дастан Жумабеков «Кичи-Капка» өткөрмө бекетин ачууну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков «Кичи-Капка» чек ара өткөрүү бекетин ачууну сунуштады. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Жумабеков Талас облусунда Казакстан менен чектеш аймактагы «Чоң-Капка" өткөрүү бекетинде кезек күтүүлөр көбөйгөндүгү тууралуу маселени көтөрдү. «Чек арадан суткалап өтө албай жаткандар арбын, бул маселени жөнгө салуу максатында «Кичи-Капка»

Кыргызстан аркылуу Европага жасалма виза менен кетирүүчү мыйзамсыз каналы аныкталды

Кыргызстан аркылуу Европага жасалма виза менен кетирүүчү мыйзамсыз каналы аныкталды

Кыргызстан аркылуу чет элдик жарандарды туристтерге жамынтып Батыш Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу боюнча эл аралык каналы аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымдады. Мекеменин маалыматына ылайык, уюштуруучулар кармалып, имшердигине бөгөт коюлду. «2023-жылдын 30-майында козголгон кылмыш ишинин алкагында жасалма Шенген визасынын негизинде Кыргызстан аркылуу Европага транзит уюштуруп жүргөн негизги уюштуруучулар аныкталды жана мыйзамсыз

Манас айлынынын унаа жолунда жаңы асфальт төшөлүүдө

Коом

Манас айлынынын унаа жолунда жаңы асфальт төшөлүүдө

Талас облусунун Манас айылынын унаа жолуна асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамишканасы билдирди. Ишкананын маалыматына ылайык, жалпы узундугу 1 км 150 м түзгөн асфальт-бетон төшөлдү. План боюнча жалпысы 3 км төшөлөт.

КРУБ «Бакай банктын» жетекчилигине сунушталган талапкерге макулдугун берди

Бизнес

КРУБ «Бакай банктын» жетекчилигине сунушталган талапкерге макулдугун берди

КРнын Улуттук банкы «Бакай банк» ААКу тарабынан директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна сунушталган талапкерине макулдугун берди. Маалымат банктын расмий сайтында жайгаштырылган. Маалыматка ылайык, КРУБ Тимур Ибрагимовдун талапкерлигине макулдугун берди. Чечим 2023-жылдын 26-майында кабыл алынган.

Кыргызстандагы эң алдыңкы 10 МЖӨ долбоору

Экономика

Кыргызстандагы эң алдыңкы 10 МЖӨ долбоору

2015-жылдан бери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) системасы мамлекеттик инфраструктуралык долбоорлорго ири көлөмдөгү инвестицияларды тартууда. 2023-жылы өлкөдө МЖӨ боюнча 41 долбоор ишке ашмакчы. Долбоорлорду даярдоону каржылоо фондунун бюджети 4 млн долларды түзөт. Төмөндө Economist.kg МЖӨ борбору менен биргеликте өлкө үчүн эң маанилүү он долбоор тууралуу сөз кылат. 1. Кубаттуулугу 300 МВт

10-июндан баштап Астанага үзгүлтүксүз каттамдар жанданат

Коом

10-июндан баштап Астанага үзгүлтүксүз каттамдар жанданат

2023-жылдын 10-июнунда Астана – Бишкек – Астана багыты боюнча кезектеги авиакаттам жанданат. Бул тууралуу «МЭА» ААК билдирди. Маалыматка ылайык, каттамды FlyArystan авиакомпаниясы  жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү аткарат. Учуу убактысы – 2 саат. Бул авиакаттамга байланыштуу суроолор жаралса, авиакомпания менен түз байланышуу зарыл.

Монголия жүндү кайра иштетүү боюнча биргелешкен өндүрүштү ачууга кызыкдар

Бизнес

Монголия жүндү кайра иштетүү боюнча биргелешкен өндүрүштү ачууга кызыкдар

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков Монголиядагы жер семирткичтерди өндүрүү боюнча «Монпелетс» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, завод койдун жүнүн кайра иштетип, жер семирткичтерди өндүрөт. Компаниянын ээси Баянжав Цогбадрах министрге ишканадагы калдыксыз өндүрүш технологиясы тууралуу кеңири айтып берди. Цогбадрах мырза ошондой эле кыргыз бизнеси менен кызматташууну,

Жалал-Абадда туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот – Бакыт Төрөбаев

Экономика

Жалал-Абадда туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот – Бакыт Төрөбаев

Жалал-Абад облусунда «жашыл туризмди» өнүктүрүп, туристтердин жаңы түрүн киргизсе болот. Бул тууралуу «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү» форумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун жашыл энергияны өндүрүү боюнча потенциалы чоң. «Жалал-Абад облусу өзүнүн географиялык абалына байланыштуу күн

Бишкектен Чеченстанга авиакаттамдардын саны көбөйөт

Коом

Бишкектен Чеченстанга авиакаттамдардын саны көбөйөт

15-июндан тарта россиялык «Уральские авиалинии» авиакомпаниясы Бишкек – Грозный багыты боюнча түз каттамдарды ишке ашырууну пландоодо. Бул тууралуу «Интерфакс» маалымат агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, Грозныйдын «Северный» аэропортуна каттамдар жумасына бир жолу – бейшемби күндөрү аткарылат. Бишкектен саат 11:00дө учуп чыгат. Грозныйдан кайтуу учуу бейшемби күндөрү саат 13:00дө аткарылат. Азыр Бишкек

Минкаб суу тармагындагы аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөт

Экономика

Минкаб суу тармагындагы аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөт

Суу – дүйнөлүк актуалдуу тема. Ошол себептүү аймактын кызыкчылыгын көздөгөн креативдүү идеяларды күтөбүз. Бул тууралуу Бишкек суу форумунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айтты. Жапаров климат өзгөрүп жаткан учурда, коопсуз ичүүчү сууга, санитарияга жана гигиенага жетүү адамдын ден соолугу жана бакубат жашоосу үчүн эң негизги муктаждыгына айланганын белгиледи. «Дүйнө жүзү

Суунун төмөн тарифи кызмат көрсөтүүчүлөр киреше таба албаганына себеп болууда

Коом

Суунун төмөн тарифи кызмат көрсөтүүчүлөр киреше таба албаганына себеп болууда

Суу тарифинин төмөндүгүнөн кызмат көрсөтүүчүлөр киреше таба албай келишет. Бул тууралуу 31-майда маморгандардын өкүлдөрү Бишкек суу форумунда өткөн панелдик жыйында билдиришти. Белгиленгендей, суу менен камсыздоо жана канализация тармагында иштеген ишканалардын финансылык туруктуулугу төмөн. Мындай абал тарифтердин өздүк наркынан төмөн болушуна байланыштуу келип чыгууда. «Көптөгөн жерлерде тарифтер амортизациялык төлөмдөрдү камтыбайт. Ал

АРИС Өзгөндөгү стадионду жана эс алуу паркын реконструкциялоосуна $2 млн берет

Гранттар жана кредиттер

АРИС Өзгөндөгү стадионду жана эс алуу паркын реконструкциялоосуна $2 млн берет

АРИС Өзгөндүн стадионунун жана эс алуу паркынын реконструкциялоосуна жардам берет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди. Өзгөн шаары байыркы шаарлардын катарына киргендигин жана туристтердин көп келген шаар экендигин эс алуу менен аталган парк жана стадионго $2 млн долллар өлчөмүндө туризмди өнүктүрүү максатында АРИС тарабынан грант