Жалал-Абадда туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот – Бакыт Төрөбаев

Жалал-Абадда туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот – Бакыт Төрөбаев

Жалал-Абад облусунда «жашыл туризмди» өнүктүрүп, туристтердин жаңы түрүн киргизсе болот. Бул тууралуу «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын киргизүү – Жалал-Абад облусунда туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү» форумунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, Жалал-Абад облусунун жашыл энергияны өндүрүү боюнча потенциалы чоң.

«Жалал-Абад облусу өзүнүн географиялык абалына байланыштуу күн жана шамал энергиясы, ошондой эле гидроэнергетикалык ресурстары жеткиликтүү. Ошондой эле, бүткүл дүйнөдө “жашыл туризм” модалуу тенденцияга айланып, өлкөлөрдүн экономикасынын эң тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири болууда. Республикадагы гидроэнергетикалык ресурстардын үчтөн экиси Жалал-Абад облусунда топтолгондуктан, туристтердин жаңы түрүн киргизсек болот», - деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек эл аралык форумда Россия, Кытай жана Өзбекстан сыяктуу бир катар мамлекеттерден келген делегациялардын катышуусунда жашыл энергетика, туризм тармактарында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууларды жогорулатуу маселелери сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасында 23 коттедж курулууда

Жыргалаң курорттук шаарчасынын аймагында конокторду жайгаштыруу үчүн 23 жыгач коттедж курулууда. Бул тууралуу "Ала-Too Resort" ААКтан билдиришти Ар бир үй 6 адамга ылайыкталып, жалпысынан 138 орун каралган. Учурда айрым коттедждердин жыгач конструкциялары тургузулуп, чатырлары жабылды. Калган үйлөрдө конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Коттедждер Жыргалаң курорттук шаарчасынын биринчи

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

Дары өндүргөн ата мекендик ишканалар өнөктөштөргө тааныштырылды

"Кыргызфармация" менен Кыргызстандагы Казакстандын бирдиктүү дистрибьютору — "СК-Фармация" ЖЧКсынын өкүлдөрү ата мекендик фармацевтикалык жана логистикалык ишканалардын иши менен таанышты. Аталган мекемеден билдиришкендей, алар жергиликтүү ишканалардын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн, технологиялык иштерин жана чыгарылып жаткан дары-дармектердин түрлөрүн көрүп чыгышты. Маалыматка ылайык, иш сапар "Кыргызфармация» менен "СК-

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ошто 2,6 млн сомдук коштомо документтери жок буюмдар аныкталды

Ош шаарындагы эл аралык аба майданынан тиешелүү коштомо документтери жок суркүзөн терисинен жасалган буюмдар аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Орусиядан келген жарандардын жүктөрүн текшерүү учурунда жалпы 555 даана баш кийим жана 270 даана суркүзөндүн териси табылган. Жүктүн жалпы болжолдуу баасы 2,6 млн сомду түзөт. Ошол эле

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга абердин-ангус породасындагы 300 баш асыл тукум мал алып келинди

Кыргызстанга 3% жеңилдетилген насыялоо долбоорунун алкагында абердин-ангус породасындагы алгачкы 300 баш асыл тукум мал алып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Бүгүн Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Аксы районунун фермери Замир Алиевге аталган долбоордун алкагында 40 баш асыл