акыркы жаңылыктар

Ошто мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып пул салынды

Банктар

Ошто мыйзамсыз валюта алмаштыргандарга айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы лицензиясы жок, чет өлкө валютасын алмаштыруу боюнча мыйзам бузууларга баргандар аныкталды. Ош шаары жана Араван районунун аймагында Улуттук банктан тиешелүү лицензия албай, накталай чет өлкө валютасын алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн 10 жаранга чара көрүлдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Ош областтык башкармалыгы аныктаган бул мыйзам бузуулардын жыйынтыгында, 10 жарандын

Лебединовка – ГЭС-5 жолу августта толук бүтөт

Транспорт

Лебединовка – ГЭС-5 жолу августта толук бүтөт

Бишкек шаарынан Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка–ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Узундугу 5,1 чакырымды түзгөн тилкеде учурда тротуарлар салынып, тосмолор жана латоктор орнотулуп, Чоң Чүй каналынан өткөн жол оңдолууда. Ошондой эле Жибек-Жолу көчөсүнөн каналга чейинки 400 метр

Кожомкул спорт сарайында жаңы бассейн куруу иштери башталды

Коом

Кожомкул спорт сарайында жаңы бассейн куруу иштери башталды

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасына ылайык, Биринчи май районундагы Кожомкул спорт сарайында оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда бассейн курула турган аймакта демонтаж иштери жүргүзүлүүдө. Ага эки экскаватор жана 16 HOWO үлгүсүндөгү атайын техника тартылган. Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө. Долбоор имараттын инфраструктурасын

Араванда 8,5 чакырым жол асфальтталат

Транспорт

Араванда 8,5 чакырым жол асфальтталат

Араван районундагы Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө – Коргон авто жолунун 8,5 чакырым аралыгына асфальт төшөөгө даярдык көрүлүүдө. Учурда аталган тилкеде жер иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Бүгүнкү күндө 2 чакырым жол асфальт төшөөгө толук даярдалып, жакынкы күндөрү негизги иштерди баштоо пландалууда. Бул жол

Өзгөн жана Кызыл-Кыяда суу жана канализация системалары жаңыланды

Коом

Өзгөн жана Кызыл-Кыяда суу жана канализация системалары жаңыланды

Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Медербек Туманов Өзгөн жана Кызыл-Кыя шаарларында суу менен камсыз кылуу жана канализация системаларын реабилитациялоо долбоорлорунун аякташына арналган иш-чараларга катышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш-чарага Европа Биримдигинин Кыргызстандагы Элчиси Реми Дюфло да катышты. Долбоорлордун алкагында суу инфраструктурасы жаңыланып, кызмат көрсөтүүнүн сапаты жана

"Жыргалаң" курортунда гондолалуу аркан жол сыналып жатат

Экономика

"Жыргалаң" курортунда гондолалуу аркан жол сыналып жатат

Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң тоо-лыжа курортунда аркан жолдун кабиналары орнотулганын Ала-Тоо Резорт ААКсы билдирди. Компаниянын маалыматына ылайык, В1 жана В2 линияларында сыноо иштери башталды. Анда австриялык Doppelmayr компаниясынын заманбап гондолалуу кабиналары колдонулууда. Алар эл аралык коопсуздук стандарттарына жооп берет. Белгиленгендей, кабиналар жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулугу жана ишенимдүүлүгү менен айырмаланат.

Ташкент облусунда жасалма жамгыр жаадырылат

Кызыктуу

Ташкент облусунда жасалма жамгыр жаадырылат

Ташкент шаарында жана Ташкент облусунда абанын сапатын жакшыртуу максатында жасалма жамгыр технологиясы колдонула баштарын Kazinform маалымдайт. Маалыматта белгиленгендей, аталган технология эл аралык тажрыйбаларды эске алуу менен этап-этабы менен ишке ашырылат. Анын алкагында 2027-жылдын 1-октябрына чейин Ташкент шаарында жана облусунда нымдуулугу төмөн аймактарга жасалма жамгыр чакыруучу керектүү жабдуулар

Ысык-Ата районунда декадалык суу сактагычтын курулушу башталды

Экономика

Ысык-Ата районунда декадалык суу сактагычтын курулушу башталды

Бүгүн Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жайылма айыл өкмөтүнө караштуу Туз айылында декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушуна капсула салынды. Иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков катышты. Министр өз сөзүндө долбоордун аймак үчүн маанисин белгилеп, ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо

Бишкекте Гоголь көчөсүндө жылуулук түтүктөрү алмашууда

Транспорт

Бишкекте Гоголь көчөсүндө жылуулук түтүктөрү алмашууда

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдыктын алкагында Гоголь көчөсүндө жылуулук тармагынын бир тилкесин алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, иштер Москва көчөсүнөн Токтогул көчөсүнө чейинки бөлүктө жүргүзүлүп, узундугу 26 метрди түзгөн, 1974-жылдан бери колдонулуп келген эски тармак алмаштырылууда. Жер казуу иштери 25-марттан тарта

Манастын ысымы Улан-Батордо: эки өлкө кызматташууну күчөтөт

Коом

Манастын ысымы Улан-Батордо: эки өлкө кызматташууну күчөтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуяг менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолугушууда эки өлкөнүн борбор шаарларынын ортосундагы кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, ошондой эле мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелери талкууланды. Элчи Содном Ганхуяг акыркы жылдары Бишкек шаарынын ыкчам өнүгүп

Сузакта мал союу жайларында ветеринардык көзөмөл күчөтүлдү

Коом

Сузакта мал союу жайларында ветеринардык көзөмөл күчөтүлдү

Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Сузак районундагы мал союу жайларында пландуу мониторинг жүргүзүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө жаныбарларды коштоочу ветеринардык документтердин болушу, оорулуу малдарды союуга жол бербөө жана идентификация талаптарынын аткарылышы көзөмөлгө алынды. Ошондой эле союу пункттарындагы санитардык абал, дезинфекциялык тоскоолдуктардын болушу жана колдонулушу текшерилип,

Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинде демонтаж иштери башталды

Коом

Бишкекте Дэн Сяопин проспектисинде демонтаж иштери башталды

Бишкек шаарында Дэн Сяопин проспектисинин Патрис Лумумба көчөсүнөн Кустанай көчөсүнө чейинки тилкесинде жайгашкан объекттерди демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты. Шаар мэриясынын комиссиясынын чечими менен 13 чарба субъект менен түзүлгөн келишимдерди токтотуу каралган. Учурда алардын ичинен 10 объект боюнча келишимдер буга чейин токтотулуп, калган 3 объект боюнча акыркы чечим