Бизнес маек
Гектарынан 14 тонна малина, 20 тонна кулпунай алган Руслан Миңбаев
Климаттын глобалдык масштабда өзгөрүшү менен Кыргызстан дыйканчылыгында да бир топ кыйынчылыктар, өзгөрүүлөр болуп, климатка адаптациялашуу жүрүп жатат. Ага карабай Кыргызстанда маңдай тери менен жер иштеткен дыйкан, фермерлердин катары калыңдап жатканы кубандырат. Алардын бири алыскы Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылынын тургуну, фермер – Руслан Миңбаев. Ал 2016-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда