Гектарынан 14 тонна малина, 20 тонна кулпунай алган Руслан Миңбаев

Гектарынан 14 тонна малина, 20 тонна кулпунай алган Руслан Миңбаев

Климаттын глобалдык масштабда өзгөрүшү менен Кыргызстан дыйканчылыгында да бир топ кыйынчылыктар, өзгөрүүлөр болуп, климатка адаптациялашуу жүрүп жатат. Ага карабай Кыргызстанда маңдай тери менен жер иштеткен дыйкан, фермерлердин катары калыңдап жатканы кубандырат. 

Алардын бири алыскы Кадамжай районунун Абдыкадыр Орозбеков айылынын тургуну, фермер – Руслан Миңбаев. Ал 2016-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунда дыйканчылык ишин баштап, 5 гектар жерде кулпунай, малина жана кара бүлдүркөн өндүрүп келет. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин “Агродиалог-2026” форумунда “Чемпион” аталган дыйкан өзүнүн кызыктуу тажрыйбасы менен бөлүштү.  

“Кара бүлдүркөндү (ежевика) 2019-жылы 80 сотыхка эккем. Ага чейин жергиликтүү малинаны өстүрчүмүн. Алгачкы жылдары кара бүлдүркөндү кандай багышты билбей кууратып, үшүтүп алган учурлар болду. Үч жыл дегенде барып аны толук жетилткенди, андан жакшы түшүм алганды үйрөндүк. Кийин аны 2 гектарга көбөйттүк”, - дейт фермер. 

Дыйкандын айтымында, кара бүлдүркөндү көбөйтүү көп оорчулукту жаратпайт. Аны сабагынан кыркып, кара топурактуу жерге отургузса эле тамыр байлап өнүп кетет.  

“Бирок, кара бүлдүркөндүн түйшүгү көп болгондуктан анын 1 гектарын гана калтырып, калганын кулпунай, малина кылып салганбыз. Азыр малинабыз 2 гектар болсо, кулпунай 1,5 гектардай жерди ээлейт. Малинабыз Россия селекциясынын октавия деген сортунан, анын 70 сотыхы полька сортунан. Кулпунайдын басымдуу бөлүгү – альбион, а 20 сотыхы жайкы альба деген сорт. 

 

Кулпунайды жылыга жаңыртып туруш керек. Мисалы быйыл жазында тиксек 60 күндөн кийин түшүмүн алабыз. Ошо менен жазында кайра бир түшүм алып туруп, күзүндө кайра жаңыларын отургузуш керек. Кара бүлдүркөн болсо 15 жылга чейин түшүм берет. Малина болсо бир отургузулган боюнча 30 жылга чейин түшүм бере берет. Бирок аны 6-7 жылда бир жаңыртып турган жакшы. Кара бүлдүркөндүн тамыры жерге тик кирип өссө, малинанын тамыры жайылып кетет. Ошол себептен малина солдорунун ортолорун мотоблок менен айдап турабыз”, - дейт ал. 

Руслан Миңбаев дыйканчылыктагы катачылык фермерге чоң чыгаша алып келип коюшу мүмкүн экенин айтат. 

“Былтыр кара бүлдүркөндүн үстүн жаба албай калып үшүтүп алдык. Мурун чөп, камыш менен эле жапчу элек, кийин агроспан (Агроспан — бул өсүмдүк өстүрүүдө колдонулуучу полипропиленден жасалган токулбаган жабуучу материал (агроволокно). Ал өсүмдүктөрдү − 9 °C чейинки үшүктөн, зыянкечтерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, ошондой эле түшүмдүн бышышын тездетүү үчүн колдонулат) менен жаба баштадык. Бирок, аны менен жабууда катачылыктарды кетиришип, бүлдүркөндөрүн үшүтүп алган дыйкандар да жок эмес”,-дейт ал. 

Башка дыйкандардай эле Р.Миңбаев дагы тамчылатып сугарууга өткөнүнө 3 жыл болуптур. 

“Талаабыздын жанында чакан суу бассейнибиз бар. Ошого суу келгенде толтуруп алып, аны тамчылатып сугарууга колдонобуз. Мындай технология сууну үнөмдөп, мол түшүм алууга шарт түзөт. Ар жылы талаадагы топуракка анализ жүргүзүп, минералдык жер семирткичтерди берип турабыз. Айрыкча азыр минералдык жер семирткичсиз кулпунай алуу кыйын. Малинага, кара бүлдүркөнгө болсо табийгый эле тооктун, малдын кыгын себебиз.  Ушул тапта малинаны гектарынан 14 тонна, кулпунайды 20 тоннага чейин алып жатабыз, - дейт Р.Миңбаев. 

Маектешүүбүздө фермер жыйналган түшүмдү дүңүнөн эле жергиликтүү экспортерлорго эле сатышарын билдирди. 

“Биздеги негизги көйгөй – түшүм массалык жыйнала баштаганда баанын төмөндөп кетиши. Жергиликтүү экспортерлор ошончо көп түшүмдү дыйкандардан сатып алып, кайра сыртка экспорттогонго жетишпей калышабы айтор, ал учурда клубника, малина, кара бүлдүркөндүн баалары арзандап кетет. Ошол себептен биз мөмөнү келечекте ылдам тоңдуруп (шоковая заморозка) сактоого аракет кылып жатабыз. Айыл чарба министрлигинен түшүмдү тоңдуруучу жай курганга жеңилдетилген насыя беребиз дешкен. Бирок азырынча ылайыктуу жер жок болуп жатат. Анын үстүнө чоң-чоң тоңдуруучу муздаткычтарды алганга жеңилдетилген насыя алыш үчүн дыйкандын өзүндө да насыяны төгүп берүүгө кепилдик боло турган каражат болуш керек экен”, - дейт чүйлүк дыйкан. 

Руслан Миңбаев баарлашуу учурунда Айыл чарба министрлигинин көмөгү менен быйыл Кытайга 10 күндүк окууга барып, ал жактын айыл чарбасы кыйла өнүгүп кеткенин көргөнүн жашырган жок. 

“Былтыр Европага барып тажрыйба алмашып келгенбиз. Быйыл Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен Кытайда 10 күн дыйканчылык боюнча окуп келдик. Бул өлкөдө органикага мамлекет абдан жакшы маани берет экен жана айыл чарбасын толук кандуу органика кылууга 100% мүмкүнчүлүк түзүлүптүр. Бир аппарат бар экен. Аны мөмө талаасынын ортосуна коюп койсо кандай зыянкеч курт-кумурскалар көбөйүп, кандай пайдалуу майда жандыктар азайып баратканын көрсөтүп берип турат экен. Мисалы, тля көбөйүп кетсе ошого жараша дыйканга дары берилет экен. Аны сепкенде ошол тля (тля-майда, жумшак денелүү, өсүмдүктөрдүн ширесин соруп жашаган зыянкеч курт-кумурска) эле өлүп, башка пайдалуу курт-кумурскалар, аары, чымын-чиркейлер эч нерсе болбойт экен. А бизде бир дарыны сепсек бардык майда жандыктар өлүп калат. 

Бизде айыл чарбадагы жумуштардын көбү дагы деле адам колу менен бүткөрүлөт. Мисалы, биз сезон убагында 40ка жакын адамды жалдап иштетип, ар бирине күнүнө 1700 сомдон төлөйбүз. Бул билинбегени менен чоң чыгым. Кытайда болсо техника, технология жакшы өнүккөндүктөн 100 гектар жерди мөмөсү даяр болгуча 4 адам эле иштетип, тейлеп коет экен. Биз да бара-бара ушуга барышыбыз керек. Ал үчүн мамлекет дыйкандарга түзмө-түз колдоо көрсөтүшү керек”, - дейт Р. Миңбаев. 

Буга улай фермер Кытай мамлекетинде климаттын өзгөрүшүнө жараша ондогон, жүздөгөн гектар айыл чарба талааларын коргоого мүмкүнчүлүк бар экенин билдирди. 

“Кытайда мынча күндөн кийин суук болот же мөндүр жаайт десе дароо талаалар керектүү материал же торлор менен жабылат экен. Бизде, азырынча мындай мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан мамлекет биз сыяктуу катардагы фермер, дыйкандарга да жардам кылса жакшы болот эле. Мамлекет азыр кооперативдерге биригүүнү сунуштап жатышат.  Бирок, көпчүлүк дыйкандар азырынча андайга даяр эмес”, - дейт фермер. 

Демек, айыл чарба багытындагы тиешелүү маморгандар менен дыйкандар, фермерлер тыгыз кызматташса өзүбүздү өзүбүз азык-түлүк, мөмө-жемиш, органика менен камсыз кылсак болот. Ал үчүн Р.Миңбаев айткандай дыйкан, фермерлердин көйгөйүн тийиштүү органдар өз убагында угуп, реакция кылып турушу керек.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанга күн энергетикасы боюнча ири инвестиция тартуу пландалууда

Кыргызстанда күн энергетикасы үчүн жабдууларды чыгаруучу өндүрүштү түзүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга Энергетика министрлигинин жана Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү да

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар токтотулду

“Манас” эл аралык аба майданында каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Мындай чечим Tez Jet авиакомпаниясынын учагы кырсыктаганына байланыштуу кабыл алынган.   Учурда тиешелүү кызматтар окуянын чоо-жайын териштирип, каттамдарды кайрадан калыбына келтирүү боюнча иш жүргүзүүдө. Ал эми Tez Jet компаниясы окуя боюнча азырынча үн ката элек. Кыргызстандын

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу мектеп курулууда

Бишкек шаарындагы Кара-Жыгач конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, мектеп борбор калаада курулуп жаткан 20 жаңы билим берүү мекемесинин бири болуп саналат. Объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталган. Учурда үч кабаттуу имарат тургузулуп,

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

Ошто 3 ири инфраструктуралык долбоор курулат

7-июлда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жана президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы стратегиялык маанидеги 3 объекти жеринен карап, долбоорлордун жүрүшү менен таанышышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Маалыматка ылайык, Куршаб айыл аймагын айланып өтүүчү 8 км жол курулат.