Кичи ГЭСтердин кубаттуулук чеги 50 мВтка чейин жогорулатылат

Кичи ГЭСтердин кубаттуулук чеги 50 мВтка чейин жогорулатылат

Кыргызстанда кичи гидроэлектростанциялардын (ГЭС) максималдуу кубаттуулугу 30 мегаватттан 50 мегаваттка чейин жогорулатылат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан үчүнчү окууда жактырылды.

Документ кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган.

Буга чейин энергетика министри Таалайбек Ибраев азыркы кубаттуулук чеги экономикалык жактан пайдалуу жана инвесторлор үчүн кызыктуу болгон долбоорлорду ишке ашырууга тоскоол болуп жатканын белгилеген. Анын айтымында, сунушталган өзгөртүүлөр жаңы инвесторлорду тартууга жана тармакка заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Маалыматта белгиленгендей, 50 мегаваттка чейинки станциялар энергетикалык системага олуттуу тобокелчиликсиз натыйжалуу кошула алат. Ошол эле учурда алар ички суроо-талапты камсыздоого салым кошуп, сезондук мезгилде гидроресурстарга болгон көз карандылыкты азайтат.
Өткөн жылы өлкөнүн энергетика тармагына 8 жаңы кичи ГЭС кошулган. Алардын жалпы кубаттуулугу 44,59 мегаваттты түзгөн. Жаңы объекттердин ишке кириши менен республикадагы бардык кичи ГЭСтер өндүргөн электр энергиясынын көлөмү 400 млн киловатт-сааттан ашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media