
Коом
Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушу башталды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөндү айланып өтүүчү жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, объектти өз мөөнөтүндө бүткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Учурда Бишкек-Ош жолунда тыгындар көп. Жаңы айланма жол кыймылдын интенсивдүүлүгүн жана жол тыгынын бир топ азайтат, ошондой эле жол коопсуздугун жакшыртат.