«Бишкек» ЭЭАда 13.8 млн сомдук мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен

«Бишкек» ЭЭАда 13.8 млн сомдук мүлк мыйзамсыз сатылып кеткен

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан «Бишкек» Эркин экономикалык аймагында текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Текшерүүдө, 1997-жылы мамлекеттик менчикте болгон аянты 428.8 чарчы метр жери менен өндүрүштүк имараттар «И-м Т-ко» ЖЧКна 40 жылга ижарага берилип, «Бишкек» ЭЭАнын жана аталган жоопкерчилиги чектелген коомдун жооптуу кызматкерлери 2002-жылы сатып алуу-сатуу процедурасын мыйзамсыз өткөрүшүп, жогорудагы өндүрүштүк имараттарды «F-M» ЖЧКсына жеке менчикке сатып жиберишкендиги аныкталган.

Ал эми, 2021-жылы «Кадастр» МИнын Бишкек филиалынын кызматкерлери, пайда көрүү максатында «И-м Т-ко» ЖЧК менен «F-M»  ЖЧКсы ортосундагы 19 жыл мурда мыйзамсыз жасалган сатып алуу-сатуу келишимдерин каттоодон өткөрүшүп, мамлекеттик мүлктү «F-M» ЖЧКсынын менчик укугу катары каттап беришкен.

Натыйжада, «И-м Т-о" ЖЧКнын, «F-M»  ЖЧКнын, «Кадастрдын» кызматкерлеринин, ошондой эле «Бишкек» ЭЭАнын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен улам мамлекетке 13 млн 850 миң 785 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 245-беренеси (коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары, Бишкек шаарынын Административдик сотуна 2002-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин каттоосун жараксыз деп табуу боюнча доо арыз келтирилди.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк борбордук банктардын региондук тегерек столуна катышты

Улуттук банк борбордук банктардын региондук тегерек столуна катышты

18-сентябрда Улуттук банктын төрагасынын орун басары Медет Таиров Грузиянын Тбилиси шаарында өткөн борбордук банктардын жетекчилеринин биринчи региондук тегерек столуна катышты. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чара Грузиянын Улуттук банкы тарабынан J.P. Morgan банкы менен биргеликте уюштурулган. Жыйында регионалдык макроэкономикалык абал, акча-кредит саясаты, геосаясий шартта

Ишкер Media
Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талкууланды

Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талкууланды

Бүгүн Жогорку Кеңеште майыптыгы бар адамдар үчүн парламенттин жеткиликтүүлүгүн комплекстүү баалоонун экинчи этабы өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууга "Ала-Тоо»" тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров, депутаттар Гүлжан Сатиева, Чолпон Эсенаманова жана тиешелүү тараптар катышты. Талкууда майыптыгы бар адамдардын парламент ишине катышуусу, депутаттар менен түз

Ишкер Media
Кыргыз сомун төлөмгө кабыл алуудан баш тарткан компанияга 13 миң сом айып салынды

Кыргыз сомун төлөмгө кабыл алуудан баш тарткан компанияга 13 миң сом айып салынды

КРнын Улуттук банкы улуттук валюта - сомду төлөм катары кабыл алуудан негизсиз баш тарткандыгы үчүн Бишкек шаарындагы юридикалык жакка 13 миң сом өлчөмүндө айып пул салды. Мындай билдирүүнү Улуттук банктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, компания Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган. Тактап айтканда, улуттук валютанын акча белгилерин төлөм каражаты катары кабыл алуудан негизсиз

Ишкер Media
Бишкек шаарында дагы бир жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарында дагы бир жаңы мектептин курулушу аяктады

Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулду. Алардын бири - Садыгалиев жана Профсоюз көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан 1200 орундуу жаңы мектеп. Бул мектепти куруу долбоору республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, 2026-жылдын март айында курулушу башталган. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин билдирүүсүнө караганда,  заманбап үлгүдөгү мектепте окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн

Ишкер Media