Акылбек Жапаров Rotschild and Co компаниясынын өкүлү менен жолукту

Акылбек Жапаров Rotschild and Co компаниясынын өкүлү менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Rotschild and Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малар де Ротшильд менен жолугушту. Бул тууралуу минкаб билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө  улуттук стратегиялык ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестиция тартуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Тараптар финансылык жана инвестициялык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Маалымат үчүн:

Rothschild & Co - Ротшильд үй-бүлөсүнүн француз жана англис мүчөлөрү тарабынан көзөмөлдөнгөн жана башкы кеңсеси Лондондо жайгашкан финансылык холдингдик компания. Бул Ротшильд банк тобунун флагманы.

Фирманын банк ишкерчилиги инвестициялык банкинг, реструктуризациялоо, корпоративдик банкинг, жеке капитал, активдерди башкаруу жана жеке банкинг чөйрөлөрүн камтыйт. Ал ошондой эле өкмөттөр менен ири корпорацияларга кеңешчи жана кредитор катары белгилүү. Мындан тышкары, компаниянын өзүнүн жеке инвестициялык эсеби бар.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды

Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокатта кычкылтек өндүрүүчү жаңы станция ишке кирүүгө даяр

Ноокат райондук аймактык ооруканасынын базасында курулган жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станциянын тесттик сыноолору ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу БУУнун Өнүктүрүү программасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө БУУӨП тарабынан ишке ашырылып, Глобалдык фонд тарабынан каржыланган. Жаңы станция COVID-19 пандемиясы маалындагы кычкылтек тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү чечүү максатында курулган. Германиядан

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

“Беш-Таш” жаратылыш паркына аркан жолдору курулат

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана бөлүнгөн каражаттын негизинде, Талас районунда жайгашкан “Беш-Таш” мамлекетик жаратылыш паркында аркан жолдорун куруу иштерин баштоого, Кытайлык “Zumsun” компаниясы менен келишимге расмий түрдө кол коюлду. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Маалыматка ылайык, июнь айында аркан жолдун курулуш иштери башталат. Натыйжада, “Беш-Таш” эс