Экономика
Манас шаарындагы 6,8 млрд сомго курулуп жаткан филармония убактылуу токтотулду
Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулганын курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кечээ Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди. "Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”- деди