Жаш Гвардия – Лев Толстой кесилишинде транспорттук түйүн курулат

Жаш Гвардия – Лев Толстой кесилишинде транспорттук түйүн курулат

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев Жаш Гвардия бульварынын боюндагы ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттен дагы билдиришти.

Жалпысынан 64 объект жол курулушуна кирет. Алардын ичинен:

  • 16 объектте мамлекеттик акт бар;
  • 1 объектте 49 жылдык “жашыл китеп”;
  • 2 объектте 5 жылдык “жашыл китеп” бар.

Калган объекттер боюнча документтер такталууда.

2026-жылдын 24-мартында мэрияда кайра жолугушуу өтүп, компенсация маселеси каралат.

Тиешелүү кызматтарга:

  • альтернативдүү жол уюштуруу;
  • тоскоол болгон объекттерди бузууну тездетүү тапшырылды.

Курулуш 2026-жылдын апрель айында башталат.

Долбоор жолдордун өткөрүмдүүлүгүн жогорулатып, тыгындарды азайтууга багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

1-сентябрдан тарта чет өлкөлүк номурлуу унааларды каттоо токтотулат

Президенти тарабынан 2026-жылдын 3-июнундагы “Чет өлкөлүк мамлекеттик каттоо белгилери бар транспорт каражаттарын легалдаштырууну аяктоо жана алардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюлган. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, Жарлыкта 2026-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө боло турган транспорт каражаттарын легалдаштыруунун кошумча тартиби каралган. Кыргызстандын аймагына 2024-

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш тармагында иштеген чет элдиктерди каттоо көзөмөлгө алынат

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ички иштер министрлигинин жана башка укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жумушчу жыйын өткөрдү. Министрликтен билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө курулуш объектилеринде эмгектенип жаткан чет элдик жарандарды каттоо, алардын мыйзам талаптарын сактоосу жана коомдук коопсуздукту камсыздоо маселелери каралды. Тараптар чет

Пекинде кыргыз-кытай парламенттик кызматташтыгы талкууланды

Пекинде кыргыз-кытай парламенттик кызматташтыгы талкууланды

22-июнда Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Болотбек Борбиев, Исманали Жороев, Алтынбек Кылычбаев жана Жайлообай Нышанов Пекин шаарында өткөн семинарга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чара "Кытай – Борбор Азия рухун өнүктүрүүдөгү мыйзам чыгаруу бийлигинин ролу" деген темада уюштурулуп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттери катышкан.

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн ала алышат

Такси айдоочулары лицензияны эми онлайн ала алышат

КРнын Ички иштер министрлиги жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча санариптик система ишке киргизилгендигин маалымдады. Билдирүүгө караганда, эми такси айдоочулары жана юридикалык жактар лицензия алуу үчүн арыздарды онлайн тапшыра алышат. Лицензия алуу үчүн - "МБанк", "Элдик" жана "Түндүк" мобилдик тиркемелеринен идентификациядан өтүп, электрондук арызды толтуруп, керектүү