Latest

«Альянс Алтын» Таластын мектептерине компьютердик жабдууларды тапшырды

Коом

«Альянс Алтын» Таластын мектептерине компьютердик жабдууларды тапшырды

«Альянс Алтын» компаниясы Талас районундагы мектептерге компьютердик жана оргтехникаларды, окуу жана көркөм адабияттарды белекке берди. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. Жабдууларды жана окуу материалдарын тапшыруу 17-19-апрель күндөрү Орусиянын президентинин администрациясынын жана «Альянс Алтын» компаниясынын өкүлдөрүнөн турган делегациянын Талас облусуна болгон үч күндүк иш сапарынын алкагында болду. Такталгандай, бир

Садыр Жапаров тоо лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

Экономика

Садыр Жапаров тоо лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча жумушчу жыйын өткөрдү

Президент Садыр Жапаров 29-апрелде «Үч чоку» кластерин өнүктүрүү планынын бетачарына арналган жумушчу жолугушуу өткөрдү. Мамлекет башчысына тоо лыжа долбоорунун негизги багыттары, артыкчылыктары, ошондой эле ишке ашыруу жана өзүн-өзү актоо мөөнөттөрү тууралуу маалымат берилди. Франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан «Үч чоку» кластери Борбордук Азиядагы

Акылбек Жапаров Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушту

Экономика

Акылбек Жапаров Эл аралык каржы корпорациясынын аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга биринчи жолу иш сапары менен келген Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, Түркия, Афганистан жана Пакистан боюнча аймактык вице-президенти Хела Шейхроуху  менен жолугушту. Минкаб башчысы IFC менен биргеликте ишке ашырылып жаткан долбоорлор өлкөнүн экономикасына олуттуу оң таасирин тийгизип жатканын баса белгиледи.

Тон районунда 2.8 чакырым аба чубалгылары реконструкцияланат

Коом

Тон районунда 2.8 чакырым аба чубалгылары реконструкцияланат

Тон райондук электр тармактарында энергетика объектилерин күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Учурда ишкананын кызматкерлери Боконбай айылында эскилиги жетип, авариялык абалга келген жыгач мамыларды жаңы темирбетон мамыларга алмаштырып жатышат. Жалпысынан 2024-жылы Тоң районунда 172 жаңы темир бетон мамылар орнотулат. Ошондой эле Тоң электр

300гө жакын жеке ишкерлер онлайн режиминде каттоодон өтүштү

Бизнес

300гө жакын жеке ишкерлер онлайн режиминде каттоодон өтүштү

297 ишкер салык органында жеке ишкер катары онлайн каттоодон өтүшкөн. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Анын ичинде 102 ишкер Cabinet.salyk.kg сайты аркылуу, 195 ишкер MegaPay жана Ишкер 24 мобилдик тиркемелери аркылуу катталышкан. Эскерте кетсек, буга чейин салык кызматы салык органына барбай эле салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо кызматын ишке

«Альянс Алтын» өнөктөштөр менен бирге күрөш боюнча Азия чемпиондоруна унааларды тапшырды

Бизнес

«Альянс Алтын» өнөктөштөр менен бирге күрөш боюнча Азия чемпиондоруна унааларды тапшырды

Дүйнө чемпиону болгон Жоламан Шаршенбеков жана күмүш медалга ээ болгон Айпери Медет кызы бүгүнкү салтанаттуу аземде «Альянс Алтындан» жана анын өнөктөштөрүнөн Toyota үлгүсүндөгү автомобилдердин ачкычтарын алышты. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, спортчулар Мээрим Жуманазарова, Үзүр Жузупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Калидин Асыкеев, Раззак Бейшекеев, Исламбек Орозбеков, Тынар Шаршенбеков

Үлүштүк катыш аркылуу турак жай алуудагы тобокелдиктерди болтурбоо боюнча кеңештер

Бизнес

Үлүштүк катыш аркылуу турак жай алуудагы тобокелдиктерди болтурбоо боюнча кеңештер

Кыргызстанда курулуп жаткан имараттардан турак жай сатып алуу барган сайын популярдуу вариантка айланып баратат. Бирок ак ниетсиз куруучулар тарабынан белгилүү тобокелдиктер жаралууда. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө 40тан ашык курулуш компаниялары жарандарга адилетсиз мамиле жасаганын, бул болочоктогу сатып алуучулар өздөрүнүн укуктарын, талаптарын билиши маанилүү экендигинен кабар берерин айтышкан. Кеңири тараган тобокелдиктердин

Талас облусунда беш миң көчөт отургузулду – долбоорду «Альянс Алтын» колдоду

Бизнес

Талас облусунда беш миң көчөт отургузулду – долбоорду «Альянс Алтын» колдоду

Талас облусунун Талас районундагы Шумкар-Уя айылында алты гектар жерге ак кайыңдын беш миң көчөтү отургузулду. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасы билдирди. Компаниянын өкүлдөрү белгилегендей, көчөттөр «Жашыл мурас» республикалык долбоорунун алкагында отургузулган. «Альянс Алтын фонду беш миң көчөт сатып алууга жардам берди. Бул жергиликтүү тургундар үчүн эң сонун эс алуу жайы

2024-жылы Кепилдик фонд ишкердикти өнүктүрүүгө 220.8 млн сомдон ашык кепилдиктерди берген

Бизнес

2024-жылы Кепилдик фонд ишкердикти өнүктүрүүгө 220.8 млн сомдон ашык кепилдиктерди берген

2024-жылдын биринчи чейреги үчүн натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрүн талдоонун жыйынтыгы боюнча «Кепилдик фонд» ААКсы аймактар боюнча маалымдады. 2024-жылдын үч айында эле ишкерлерге кепилдик колдоо аркылуу өнөктөш банктар 629.7 млн сомдон ашык кредит беришкен. Биринчи черекте республика боюнча 525 ишкер «Кепилдик фонд» ААКсынын кепилдигин пайдаланган. Бул мезгилде берилген кепилдиктердин жалпы санынын

Салык кызматы 25 базардын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү

Бизнес

Салык кызматы 25 базардын өкүлдөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү

Салык кызматы базарлардын администрацияларынын, кичи базарлардын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин арасында маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүгүн жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу мекеменим маалымат кызматы билдирди. Бул өнөктүктүн алкагында салык кызматы Бишкек шаарынын 25 базарынын жана кичи базарларынын администрацияларынын өкүлдөрүнө, салык консультанттарына электрондук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана башка салык режимине өтүү боюнча семинар уюштурду. Иш-чарага 80ден

Таласта бюджеттик 6 млн сомду уурдоо фактысы аныкталды

Коом

Таласта бюджеттик 6 млн сомду уурдоо фактысы аныкталды

Таласта коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасында материалдык каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу жолу аркылуу акча каражаттарын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Мындан улам, аталган муниципалдык ишкананын жооптуу жетекчилерине жана кызматкерлерине кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Аудитордук текшерүүнүн алдын ала жыйынтыгы менен

Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талкууланды

Бийлик

Эмгек министрлигинин Москвадагы Өкүлчүлүгүндө мигранттардын медициналык текшерүүдөн өтүшү талкууланды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москва шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ж.Галиева жана Жогорку Кеңештин депутаты В. Раимбачаева КР жарандарынын РФда жүрүүсүнө, анын ичинде медициналык текшерүүдөн өтүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулашты. Бул тууралуу министрлик билдирди. В.Раимбачаева медициналык текшерүүдөн өткөндө Россиянын аймагына кире турган КР жарандарынын жугуштуу оорулары аныкталган учурлар бар