Latest

Суу чарба объектилерин оңдоо иштери 833.8 млн сомго каржыланды

Коом

Суу чарба объектилерин оңдоо иштери 833.8 млн сомго каржыланды

Суу чарба объектилеринде оңдоп-түзѳѳ жумуштарын жүргүзүү үчүн бюджеттен 2023-жылга баштапкы сметада 962.1 млн сом каралып, 2023-жылдын 27-ноябрына карата 833.8 млн. сом каржыланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Бөлүнгөн каражатка Суу ресурстары кызматынын түзүмдүк бѳлүмдѳрү тарабынан 618.5 км чарба аралык каналдардын оӊдоо, бетондоо жана механикалык тазалоо, 648

Кыргызстандын ИПДсы 1 трлн сомдон ашты

Экономика

Кыргызстандын ИПДсы 1 трлн сомдон ашты

Экономика жана коммерция министрлигинин расмий сайтындагы атайын эсептегичтеги маалыматтар учурда 1 трлн 21 млрд сомдон ашты. Минкаб билдиргендей, 23-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында  министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров ИДП өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхында, биринчи жолу 1 трлн сомдун чегинен өтөөрүн билдирген. “2023-жылы калктын жан башына ИДПнын көлөмү 1 900 долларды түздү. Былтыр

Бишкекте нанды кымбат саткандарга айып пул салынды

Бизнес

Бишкекте нанды кымбат саткандарга айып пул салынды

Бишкектеги эки наабайканада 270 гр нанды 30 сомдон сатып жаткандыгы аныкталып, түшүндүрүү иштеринен соң 27 сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. Ошондой эле “Азия” жана “Бимар” соода түйүндөрүнө мониторинг учурунда 270-280 гр тандыр наны 32 сомдон ал эми 360 нр нан 38 сомдон сатылып, белгиленген

Оштун мэри бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Коом

Оштун мэри бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар тургундарынын кайрылууларына ылайык, бир катар социалдык мекемелерден кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди. Калаа башчысы кошумча имаратты куруу жана тосмолорду оңдоп-түзөө боюнча кайрылуулардын негизинде “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы №16 орто мектебине жана №40 «Наристе» бала бакчасына барып, аталган мекемелердин шарттары менен таанышты. Жеринде

Бишкектин ишканаларында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Энергетика

Бишкектин ишканаларында электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерүү жүргүзүлдү

2023-жылдын 27-ноябрында энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев коммерциялык объектилерди электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча текшерди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Такталгандай, текшерүү учурунда Бишкек шаары боюнча бир нече кафе-ресторандарда мекеменин ичинде да, сыртында да жарык берүүчү лампалар күйүп турган. Кийинки мекемеде ээлери имаратты жылытуу жана тамак-аш даярдоо үчүн газ

Эмгек министри Кара-Суудагы социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдү кыдырды

Коом

Эмгек министри Кара-Суудагы социалдык контракт түзгөн үй-бүлөлөрдү кыдырды

Социалдык контракт программасынын алкагында кошумча 4.5 миң жумушчу орун түзүлдү. Бул тууралуу эмгек министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Кара-Суу районунда социалдык контракт программасынын аткарылышын мониторингт жүргүзүү учурунда билдирди. «Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа өлкө боюнча 70 миңден ашык адамдын жашоо сапатын жакшыртты деп

Ош облусунда 2.6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзгөн

Коом

Ош облусунда 2.6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзгөн

Ош облусунда 2.6 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр социалдык контракт түзгөн. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Ош шаарында Социалдык контракт программасынын аткарылышын көзөмөлдөө учурунда билдирди. «Алынган киреше үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнүн жашоосун жакшыртаарын эске алсак, бул программа  Ош облусу боюнча 14.4 миңден ашуун

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Экономика

Улуттук банк эсептик ченди 13% деңгээлинде сактап калды

Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Улуттук банктын акча-кредит саясатынын чаралары инфляцияны төмөндөтүүгө өбөлгө түзгөн. Жылдык инфляциянын көрсөткүчтөрү бир калыпта жай төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө – 2023-жылдын ноябрь айында ал 8%ды түзгөн, бул 2023-жылдын башына карата белгиленген көрсөткүчтөн 6.7% пунктка төмөн дегенди билдирет.

Япониялык ROTOBO компаниясынын делегациясы Кыргызстанга келди

Экономика

Япониялык ROTOBO компаниясынын делегациясы Кыргызстанга келди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев ROTOBO делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу минкаб билдирди.  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин талкуулашты. “Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк түз инвестицияларды, инновациялык технологияларды жана чет өлкөлүк компаниялардын тармактык тажрыйбасын тартууга өзгөчө маани берет, ошондуктан мамлекет инвестициялык жана соода

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

Бийлик

Анжиянда кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын сүйлөшүүлөрү өттү

2023-жылдын 21-ноябрынан 26-ноябрына чейин Өзбекстандын Анжиян шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки мамлекеттин өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу минкаб билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде жеринде изилдөө иштери жүргүзүлдү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Транспорт министрлигинин бюджети 16.7 млрд сомду түзөт

Экономика

Транспорт министрлигинин бюджети 16.7 млрд сомду түзөт

2023-жылдын 10 айында кр транспорт министрлигине 12.1 млрд сом каржыланды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Алар: ·         жолдорду оңдоого жана тейлөөгө – 2 млрд 87.3 млн сом; ·         битум сатып алууга – 395.7 млн сом; ·         346.9 млн сом – кредитордук карызды жабууга; ·         жабдууларды сатып алуу – 1.2 млрд сом; ·         Жол фондуна

Токтогулдун мэри кармалды – ал кен байлыктарды басып алган

Коом

Токтогулдун мэри кармалды – ал кен байлыктарды басып алган

Токтогул шаарынын мэри Т.Э.А. тарабынан Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы кварц кенин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, рейдерлик жол менен басып алууну уюштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, 2022-жылы Т.Э.А. жогоруда аталган кен жайгашкан жердин айыл өкмөтүнүн башчысы