Оштун мэри бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Оштун мэри бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар тургундарынын кайрылууларына ылайык, бир катар социалдык мекемелерден кабар алды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Калаа башчысы кошумча имаратты куруу жана тосмолорду оңдоп-түзөө боюнча кайрылуулардын негизинде “Кыргызстандын 40 жылдыгы” атындагы №16 орто мектебине жана №40 «Наристе» бала бакчасына барып, аталган мекемелердин шарттары менен таанышты.

Жеринде тиешелүү жетекчилер оңдоп-түзөө, шарттарын жакшыртуу боюнча жумуштардын иш-мерчемин түзүү жана келерки жылдын иш-планына киргизүү боюнча милдеттендирилди.

Соңунда мэр Ош шаарынын №1 үй-бүлөлүк медициналык борборунун №5 филиалында болду.

Мында оңдоп-түзөө жумуштарынын алкагында имараттын энергетикалык кубатуулугун жана сейсмикалык туруктуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлгөн жумуштарды көрүп чыгып, бир жуманын ичинде бардык иштерди бүткөрүү, имаратты пайдаланууга берүү тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Коомдук талкуу: жумуш издегендерден ишке орноштуруу үчүн акы алууга тыюу салынат

Коомдук талкуу: жумуш издегендерден ишке орноштуруу үчүн акы алууга тыюу салынат

Кыргызстанда жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин ишин жөнгө салган мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин максаты — агенттиктердин ишин мыйзамдык негизде тартипке келтирүү, жумуш издегендердин жана кызматкерлердин укуктарын коргоо жана эмгек рыногун өнүктүрүү. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин бул долбооруна ылайык, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктерине жумуш издегендерден ишке

Ишкер Media
Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстандын аэропорттору былтыр 6 млн ашуун жүргүнчүнү тейледи

Кыргызстанда жарандык авиация өлкөнүн транспорттук жана социалдык инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. Жыл сайын 7- октябрда Жарандык авиация күнү белгиленет. Бүгүн Улуттук статистика комитети аталган тармактын майрамын утурлай, алардын ишин цифралар менен чагылдырып берди. Билдирүүгө карата бүгүнкү күндө “Кыргызстандын аэропорттору” ААКсынын курамында 11 аэропорт бар. Анын ичинен 6сы эл аралык,

Ишкер Media
18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

18 миллион сомдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетти бөгөттөлдү

Өлкөгө уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлуп, алынган товардын баасы 18 миллион сомдой экенин Бишкек ШИИББден кабарлашты. Маалыматка ылайык, чет мамлекеттик каттоо белгилери бар Toyota Land Cruiser унаасы токтотулуп, андагы түйүнчөктөр менен кутулар текшерилген.  Билдирүүгө караганда, унаадан жалпы 358 даана уюлдук телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109

Ишкер Media
“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

“Колумдан баары келет, мүмкүнчүлүгүм да бар, бирок...” - таластык ишкердин Президентке жеткире албай жүргөн арманы

Талас районунун Манас айылынын тургуну, 56 жаштагы ишкер Марс Ботиков өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мал чарбачылыгына, дыйканчылыкка жана ишкерликке арнаган. Беш баланын атасы өз күчү менен фермердик чарбасын түптөп, асыл тукум малды көбөйтүп, сүт өндүрүшүн жолго коюп, келечекте сүттү кайра иштетүүчү завод ачууну пландап келет. Бирок анын айтымында, бул пландарын ишке

Ишкер Media