Latest

Кыргыз-тажик чек арасынын 17.98 чакырымы макулдашылды

Бийлик

Кыргыз-тажик чек арасынын 17.98 чакырымы макулдашылды

2023-жылдын 1-8-ноябрына чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында болуп өттү. Бул тууралуу минкаб кабарлады. Такталгандай, топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 17.98 чакырымы боюнча макулдашты. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган

Чүйдүн энергетиктерине 8 дизелдик генераторлор тапшырылды – баасы 11 млн сомго жакын

Энергетика

Чүйдүн энергетиктерине 8 дизелдик генераторлор тапшырылды – баасы 11 млн сомго жакын

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Чүй электр тармактар ишканасынын базасында «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКка кубаттуулугу 120 кВт болгон 8 дизелдик генераторлорду тапшырды. Сатып алынган техниканын жалпы суммасы 10.9 млн сомду түздү.  Бул тууралуу министрлик билдирди. Такталгандай, генераторлор компаниянын 8 филиалына – Бишкек шаарында жана республиканын ар бир областында жайгашкан электр

Ошто көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду – даректери

Коом

Ошто көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду – даректери

Оштун мэриясы, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы менен биргеликте көмүрдү арзан баада сатуучу жайларды уюштурду. Бул тууралуу мэрия билдирди. Көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү. Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда: ·         "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү; ·         «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи

Президент Садыр Жапаров Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Бийлик

Президент Садыр Жапаров Эрбол Султанбаевди кабыл алды

Президент Садыр Жапаров КРнын Беларустагы жаңы дайындалган элчиси Эрбол Султанбаевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысы элчиге жооптуу дипломатиялык ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык

Акылбек Жапаров Гамбургда кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат

Бизнес

Акылбек Жапаров Гамбургда кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына катышат

2023-жылдын 8-ноябрында Германиянын Гамбург шаарында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу минкаб билдирди. Бул иш-чаралар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында өткөрүлөт. Жумушчу сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар да болот. Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отурумунда квалификациялуу адистерди

Бишкектин Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады – дареги

Коом

Бишкектин Октябрь районунда убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады – дареги

Бишкекте туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн 1-ноябрдан тарта баш калкалоочу жайлар иштей баштады. Алар 2024-жылдын 1-апрелине чейин иштейт. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди. Туруктуу жашаган жери жок адамдарга арналган баш калкалоочу жай 12 кичи районунда, А.Токомбаев көчөсү, 1а жалпы аянты 330 м2, 82 орунга ылайыкталган. Бул жерде оңдоо

Бишкектин мэри «Тазалыктын» иши менен таанышты

Коом

Бишкектин мэри «Тазалыктын» иши менен таанышты

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларынын кышка карата даярдык иштери менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Мэр ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, базалардын биринде техника, ошондой эле туз жана башка инерттүү материалдар сакталаган кампаларды көрүп чыкты. Чыгуу жыйынтыгы боюнча Айбек Джунушалиев кыш мезгилин штаттык режимде өткөрүү үчүн 2023-жылдын 15-ноябрына

Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Бийлик

Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу минкаб билдирди. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Чечим Иманалиевдин башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу.

Өкмөт 2024-жылдан баштап аймактардын реформасын баштайт

Бийлик

Өкмөт 2024-жылдан баштап аймактардын реформасын баштайт

Министрлер кабинети облустарда административдик-аймактык реформаны (ААР) ишке ашыруу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу минкаб билдирди.  Аймактардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү министрлер кабинетинин башчы Акылбек Жапаровго пилоттук режимде айыл аймактарды бириктирүү боюнча долбоорлорду сунушташты. Айыл-аймактарды ирилештирүү долбоорлору жергиликтүү калк менен талкууланып, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин сессияларында депутаттар тарабынан каралган. Белгилей кетсек, жакын

Чүй каналында чакан ГЭС орнотулду

Энергетика

Чүй каналында чакан ГЭС орнотулду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумушчу сапарынын алкагында биринчи айланма Чүй каналында (АЧК-1) чакан ГЭС орнотуу боюнча пилоттук долбоордун ачылышына катышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Министрлер Кабинетинин башчысына 200 кВт саатка чейин электр энергиясын иштеп чыгууга мүмкүн болгон чакан ГЭСтин иши көрсөтүлдү. «Биз энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнү

Акылбек Жапаров бюджеттин эсебинен сатылып алынган медициналык жабдуулар менен таанышты

Коом

Акылбек Жапаров бюджеттин эсебинен сатылып алынган медициналык жабдуулар менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров шаардык бир катар медициналык мекемелердин иши менен таанышты. Бул тууралуу минкаб билдирди. Акылбек Жапаров Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын Урология илимий борборуна барып, жакында сатылып алынган медициналык жабдууларды көрүп чыкты. Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигине урологиялык борбордун муктаждыктары үчүн 24 даана медициналык жабдууларды сатып

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7/7% кыскарды – эмгек министри

Коом

Кыргызстанда жумушсуздардын саны 7/7% кыскарды – эмгек министри

Кыргызстанда эки жыл ичинде жумушсуздардын саны 7.7% кыскарды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова “Жакырчылык жана теңсиздик” аттуу улуттук өнүктүрүү форумунда билдирди. Анын айтымында, “Социалдык контракт” программасынын алкагында дээрлик 13 миң аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жеке бизнесин ачып, бүгүнкү күндө туруктуу киреше менен гана чектелбестен,