Бийлик
Садыр Жапаров Монголиянын «Эрдэнэт» тоо кендерин жаңы технологиялары менен таанышты
Президент Садыр Жапаров, 10-июлда, Монголияга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Эрдэнэт шаарындагы «Эрдэнэт» заводу мамлекеттик ишканасына барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Мамлекет башчысына «Эрдэнэт» заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң